Трамп бийликке келсе, НАТО Украинаны колдоого даяр

НАТОго мүчө  өлкөлөр Дональд Трамп алдыдагы АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен учурда Украинага узак мөөнөттүү колдоо көрсөтүү үчүн бир катар чараларды даярдашты, деп жазат The Wall Street Journal (WSJ) америкалык жана европалык расмий өкүлдөргө шилтеме жасап.

Жаңы чаралар Украинага аскерий жардам көрсөтүүгө АКШ эмес, НАТО жооптуу болот деп болжолдойт. Тактап айтканда, альянс Киевге аскердик жүктөрдү координациялоо үчүн жооптуу болгон жогорку даражалуу жарандык чиновникти жиберүүнү пландоодо.

“АКШ бул аракеттерге болгон колдоосун азайтса же токтотсо дагы, алар жок болбойт”,- деди АКШнын НАТОдогу мурдагы туруктуу өкүлү Иво Даалдер. АКШнын мурдагы президенти Трамп НАТОну жана Киевге аскердик жардамды бир нече жолу сындап келген.

Гезиттин маалыматына ылайык, Германиянын Висбаден шаарында алар курал-жарак менен камсыз кылуу жана украин аскерлерин машыктыруу менен алектене турган жаңы командачылыкты түзүүнү пландап жатышат. Операцияга АКШдан жана блоктун башка өлкөлөрүнөн 700гө жакын аскер кызматкерлери катышат.

The Wall Street Journal жаңы демилгелер бир нече айдан бери иштеп жатканын, бирок алар АКШнын президенти Жо Байдендин Трамп менен дебаттагы начар көрсөткүчүнөн кийин өзгөчө актуалдуу болуп калганын белгилейт. Украинаны колдоо боюнча жаңы чаралар НАТОнун Вашингтондо 9-11-июлдагы саммитинде жарыяланышы керек.

Комментарий жиберүү