Байден-Трамп дебаты кандай өттү?

28-июнга караган түнү Атлантада (Жоржия) АКШнын тарыхында биринчи жолу шайлоо алдындагы теледебат өлкөнүн мурдагы жана азыркы президенттери Жо Байден менен Дональд Трамптын ортосунда өттү. Байдендин жактоочулары анын сөзүн “саясий табытка кагылган мык” дешсе, трампчылар ал “тарыхтагы эң чоң жеңишке ээ болгонун” жарыялашты.

Дебат кантип башталды?

Дебаттын катышуучуларына иретке салып алган ойлорун айтууга мүмкүнчүлүк берилген жок. Бири сүйлөй баштаганда экинчисинин микрофондору өчүрүлүп жатты.

Дебатты CNN телеканалынын модераторлору көрүүчүлөрсүз атайын студияда өткөрүштү. Ал арада аккредитацияланган кабарчылардын ассоциациясы телеканалдын жетекчилигин аларды студияга киргизбей койгону үчүн сынга алышты.

Студияга алгач Байден, андан кийин Трамп кирди. Алгач алар АКШнын 45-жана 46-президенттери катары тааныштырылган соң, дебат башталды. Бирок экөө тең 2020-жылы өткөн президенттик жарышка чыгаардагы теледебаттагыдай эле, бул жолу да кол алышып учурашышкан жок.

Байден эмне деди?

Американын азыркы лидери Жо Байден алгачкы сөзүндө эле анын президенттик мөөнөтүндө америкалык бир дагы аскер кызматкери өлтүрүлбөгөнүн белгиледи.

“Мен акыркы он жылда дүйнөнүн бир дагы жеринде жоокерлер өлбөгөн жалгыз президентмин”,-деди ал.

Мындан сырткары, климаттын өзгөрүшү тууралуу сөз сүйлөп, бул көйгөйдү – адамзат үчүн бирден-бир экзистенциалдык коркунуч катары карай турганын жана Трампты бул маселе боюнча позициясын сынга алды.

“Ал (Трамп – ред.) экология үчүн эч нерсе кылган жок. Ал Париж климаттык келишиминен баш тартты. Ал менин жасгандарымдын баарын жокко чыгаргысы келет”,-деди Байден.

Ал эгер кайра шайланса, өлкөдө бойдон алдыруу укугуна кепилдик берерин убада кылды.

Байден Трампты буга чейин курман болгон америкалык аскерлерди сыйлабаганы үчүн айыптап: “Ал курман болгон жоокерлерди “жеңилгендер”,-деп атап, 2018-жылы Францияда болгон сөөк коюу зыйнатына катышкан эмес”,-деди.

Ал экс-президенттин (Трамптын – ред.) адеп-ахлагы «жолбун мышыктыкына» окшош экенин айтып, анын соттолгондугун да белгилеп өттү.

Байдендин айтымында, Трамп АКШны НАТОдон чыгарууга аракет кылат.

“Биздин күчүбүз союздаштарыбызда. Биз, Европадагы чоң согуштан такыр эле кутула алган жокпуз”,-деди Байден.

АКШ президенти Украина көйгөйүнө да токтолуп, Орусияга “бүтүндөй Украина керек” экенин, “Владимир Путин советтик империяны кайтарууга ниеттенип жатканын” айтты. Ошол эле учурда ал ката сүйлөп, орус лидери «Киевди калыбына келтирүүнү» каалап жатканын билдирди.

Байден Трамптын Украина боюнча позициясы – дүйнөнү өзөктүк согуш менен коркутат деп эсептей. Мындан сырткары, ал Украинадагы жаңжалдан кийин Орусия “Польшага жана андан башка аймактарга да жылат” деп белгиледи.

Трамп эмне деди?

Трамп өз сөзүндө, атаандашы Байден алдыдагы президенттик шайлоодо адилет жана тең укуктуу шартта жеңишке жете албай турганын айтты. Ошондой эле аны “АКШнын тарыхындагы эң начар президент”,-деп атады. Андан сырткары, Трамп Байденди жана демократтарды анын Москва менен ыктымал байланышы боюнча жалгандан жаңжал чыгарды деп дагы бир жолу айыптады.

АКШдагы инфляция ушунчалык жогору болгондуктан, “ал (Байден – ред.) өлкөнү өлтүрүп жатат”,-деп эсептейт. Ошондой эле Байденди “президент болуп турганда мыйзамсыз иммигранттар үчүн гана жаңы жумуш орундарын түздү”,-деп айыптады. “Биздин чек ара дүйнөдөгү эң коркунучтуу жер”,-деди Трамп.

Анын администрациясы “АКШны пандемиядан алып чыкканы үчүн” мактоого татыктуу деп эсептей турганын билдирди.

Дебат учурунда Трамп атаандашы шайлоодо таза жеңишке жетише албай турганын бир нече жолу кайталады. “Биз анын президенттигин тазалоого аракет кылып жатабыз. Биз бул жөнүндө талашпашыбыз керек. Бул жерде талкуулай турган эч нерсе жок”,-деди ал.

Трамп сүйлөп жатканда сөзүн ырааттуу бүтүрө албай калып, Байдендин сөзүнө көңүл бурду. “Чынын айтсам, ал сөзүнүн аягында эмне дегенин билбейм. Ал айткандай… бир нерсе билбесе керек…”,-деп туталанып калды.

Экс-президент америкалык аскерлердин Ооганстандан чыгарылган күндү АКШнын тарыхындагы “эң уят” күн деп атады.

Трамп өлкөдө бойдон алдыруу укугуна кепилдик берүү – балдардын өлүмүнө алып келерин айтты.

Ошондой эле, Байдендин уулу Хантерге каршы козголгон кылмыш ишин “унутуп калган” жок.

НАТО тууралуу сүйлөп жатып, ал “Байден Киевге жардам берүүдө европалык өнөктөштөрдү көбүрөөк каражат чыгарууга мажбурлай турган аракетти көрүш керек болчу”,-деди. Ал мындан сырткары, “Москва менен болгон аскердик жаңжалда Киев жеңип жатпаганын” билдирди. “Аларда адамдар түгөнүп, жоокерлер түгөнүп баратат. Алар канчалаган адамдарды жоготту. Мунун баары анын жана анын акылсыз чечимдеринин айынан болууду”,-деди ал.

Булардан сырткары, “Байден Кытайдан акча алып, Пекиндин АКШ экономикасына чоң зыян келтирип жатканына жол берип жатканын” айтты. “Биздин талапкер “манчжуриялык”. Ал талапкер алар менен же ушул сыяктуу нерселер менен күрөшүүдөн коркот”,-деди Трамп.

Трамптын жеңиши…

CNN тарабынан жарыяланган экспресс сурамжылоого ылайык, дебаттын жыйынтыгында Трамп жеңди деп 67%, ал эми АКШнын азыркы президенти Байден жеңди деген пикирди 33% гана билдирген. Ал эми Newsweek журналы да жеңишти Трампка ыйгарды. АКШнын мурдагы башчысынын шайлоо штабы анын сөзүн тарыхый жеңиш деп атады.

Вице-президент Камала Харрис дебаттын жыйынтыгына комментарий берип жатып, Байден сөзүн начар баштаганын, бирок “финиш күчтүү болгонун” жана Байден “абдан күчтүү” экенин кошумчалады.

CNNдин дагы бир сурамжылоосуна ылайык, шайлоочулардын көпчүлүгү (81%) алардын талапкер тандоосуна дебат таптакыр таасир этпегенин айтышкан.

ЖМКлар реакциясы…

CNN телеканалы Байдендин теледебаттагы оюну Демократиялык партиянын катарын дүрбөлөңгө салганын билдирди.

NBC атын атагысы келбеген саясий серепчинин баасына шилтеме берип, Байдендин ишмердүүлүгүн демократтардын “жамааттык өзүн-өзү өлтүрүүсү” менен салыштырып, талкууну учурдагы президенттин “саясий табытына кагылган мык” деп атады.

New York Post гезити да ушундай эле позицияны карманган. Басылма миллиондогон адамдар Байдендин карьерасынын “аягына күбө болушканын” жана “анын кайра шайлоого катышууга уруксат берүү саясий ката жана улуттук кылмыш экенин” жазды.

The New York Times гезитинин кабарчысы, Пулитцер сыйлыгынын эки жолку лауреаты Николас Кристоф, эгер Байден республикалык партиянын жеңишине жол бергиси келбесе, анда президенттик жарыштан кетиши керек деген оюн билдирди.

Politico гезити демократтарга жакын үч булакка таянып, Байден ийгиликсиз болгондон кийин партия азыркы президентти шайлоодо башка талапкер менен алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн активдүү талкуулай баштаганын жазды.

Дардаган: А.Белеков

Комментарий жиберүү