Хаменеи ислам өлкөлөрүн Израиль менен экономикалык байланыштарды үзүүгө чакырды

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи бардык ислам өлкөлөрүн Израиль менен саясий мамилелерди чектөөгө жана аны менен экономикалык байланыштарды үзүүгө чакырды.

Бул тууралуу Ирандын лидери Тегеранда бир катар мамлекеттик кызматкерлер, ислам өлкөлөрүнүн элчилери жана “Ислам биримдиги” эл аралык конференциясынын катышуучулары, ошондой эле коомдун түрдүү тармактары менен жолугушууда билдирди.

Хаменеи Израилдин Газа тилкеси, Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги операциялары ошондой эле Ливан менен Сирияга кол салуулары тууралуу айтып жатып, «Бүгүн сионисттик режим уялбастан жана ачыктан-ачык кылмыш кылууда», – деп билдирди.

Ал ислам коомчулугу “ички күчүн колдонбой” жаткандыгы үчүн Израиль бул кылмыштарды жасоону улантууда деди.

«Ислам дүйнөсү сионисттик режим менен саясий карым-катнаштарын чектеп, ага массалык маалымат каражаттарында басымды күчөтүп, эзилген Палестина элинин тарабында бекем турганын ачык көрсөтүшү керек», – деп кошумчалады аятолла.

Анын айтымында, мусулмандар биримдик жана Ислам Үммөтүнүн түзүлүшү менен ички күчүнүн жардамы менен Палестинадан сионисттик режимди жок кыла алышат, ошондой эле Американын региондогу таасирин, үстөмдүгүн жана мажбурлоочу кийлигишүүсүн токтото алышат.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал былтыр 7-октябрда Газа тилкесинен ХАМАС кыймылы Израилге ракеталык сокку ургандан кийин кескин курчуп кеткен. Ал күнү ХАМАСтын жоокерлери Израилдин Газа менен чектеш аймактарына кирип барып, 250дөй кишини барымтага алып кетишкен. Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израиль тарапта 1200дөн ашуун киши өлүп, 5000ден ашууну жаракат алганын билдирген. Израиль ХАМАСтын чабуулуна жооп кылып Газа тилкесинде «Темир кылыч» операциясын баштап, анклавды толук блокадага алган. Израиль ошондой эле  Ливан менен Сириянын айрым жерлерине да сокку уруп келет.  Израилдин Газадагы абадагы жана кургактагы операциясы бүгүнкү күнгө чейин улантып келет. Газа тилкесинин Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери Израилдин соккусунан каза болгондордун саны 41 миңге жетип, жаракат алгандардын саны 65 миңден ашты.

17-жана 18-сентябрда Ливанда байланыш аппараттары массалык түрдө жардырылган. Биринчи күнү өлкөнүн ар кайсы аймактарында дээрлик бир убакта көп сандагы пейджерлер жардырылган. Республиканын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, окуядан 12 адам, анын ичинде 2 жаш бала каза болуп, 2,8 миң жабырлануучу жаракат алып ооруканаларга жеткирилген. Эртеси күнү Ливандын ар кайсы райондорунда рациялар, телефондор жана күн батареялары жана литий-иондук батареялар менен иштөөчү приборлор жарылган. Кайталанган чабуулдун натыйжасында 25 адам каза болуп, 608 киши жарадар болгон.

Комментарий жиберүү