Франциянын премьер-министри: Өлкөнүн карызы 3 триллион евродон ашты

Франциянын мамлекеттик карызы 3 триллион евродон ашты, өлкөнүн экономикасы өтө оор абалда.

Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Мишель Барнье France 2 телеканалына билдирди.

«Биздин өлкө өтө оор кырдаалды башынан кечирип жатат», – деп белгиледи ал. “Франциянын карызы 3 триллион еврону түзөт жана аны тейлөөгө жылына 50 миллиард евро талап кылынат.”

Телеканалдын маалыматы боюнча, Франциянын мамлекеттик карызы дээрлик 3,16 триллион еврону түзөт.

Барнье “өкмөт мамлекеттик карыздын көбөйүшүнө да, экологиялык талаптардын кыскарышына да жол бербейт”,- деп баса белгиледи. Өкмөт чыгымдарды көзөмөлдөөгө жана пенсиялык реформаны сактап калууга аракет кылат, деп кошумчалады ал. Анын айтымында, саламаттыкты сактоо системасына жана иммиграциялык көзөмөлгө артыкчылык берилет.

Өкмөт башчысы эң бай француз элинин кирешесине салыкты жогорулатууну четке каккан жок. “Мен эң бай жарандардан экономикалык абалды жөнгө салуу чараларына катышуу талап кылынышы мүмкүн экенин жокко чыгарбайм”,- деп кошумчалады ал.

Комментарий жиберүү