Туура төрт күндөн кийин – ушул жекшембиде, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болот. Кыргызстандыктар биринчи жолу парламенттин депутаттарын аралаш система менен шайлайт. Жогорку Кеңештеги 90 орунга саясий партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.
Бул жолу парламентке өтүүгө 7 партиянын олуттуу мүмкүнчүлүгү бар.
Мындай божомол жакында эле кыргызстандыктардын арасында жүргүзүлгөн сурамжылоодо айтылат.
“Евразиялыктар – жаңы толкун” фонду “Парламентке кайсы партиялар өтүшү мүмкүн?”, – деген кеңири масштабдагы социологиялык сурамжылоодо өткөргөн. Анда шайлоо жарышына катышкан партиялардын жана бир мандаттуу талапкерлердин рейтинги изилденген. Фонд 11 миң респонденттин арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Алардын арасында өлкөнүн бардык аймактарында жашаган алты жаш курактын өкүлдөрү бар.
Изилдөөгө ылайык, бул жолу парламентке өтүүгө 7 партиянын олуттуу мүмкүнчүлүгү бар: Лидер-партиялар – бул “Ата Журт Кыргызстан”, “Ынтымак” жана “Ишеним”. Оппозициялык “Ата Мекен” партиясы “Ишеним” партиясы менен тең келе жатат. Оппозициялык партиялардын арасында “Бүтүн Кыргызстан” дагы бар, алардын өзүнүн лоялдуу аудиториясы бар, бирок ага карабастан мурунку парламенттин курамына кире алган эмес. Жогорку Кеңешке өтүшү мүмкүн делген партиялардын арасында “Ыйман нуру” партиясы да бар (буга чейин партия диний негизде түзүлгөндүгүнө байланыштуу партияны жарыштан чыгаруу боюнча БШКга кайрылуу жолдонгон). Парламентке өтүүгө мүмкүнчүлүгү бар жетинчи партия бул жаңы түзүлгөн “Эл үмүтү” партиясы (орто эсеп менен – башка партиялардын ичинен эң жаш талапкерлер).
Ошентип, жаңы Жогорку Кеңеш кыйла көп багыттуу партияларды камтыган саясий күчтөрдүн калейдоскобу болот.
Белгилей кетсек, шайлоо өнөктүгүнүн акыркы жумасында негизги күрөш беш пайыздык босого чекте жайгашкан партиялардын ортосунда жүрөт. Дал ошол жерде алардын ортосундагы эң айыгышкан ат салышуу күтүлөт.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышкан партиялардын жалпы рейтинги
Эксперттин пикири
«Пикир» аймактык эксперттер клубунун теңтөрагасы, саясат таануучу Игорь Шестаков парламенттик шайлоо алдындагы жарыштын фавориттери деп «Ишиним» жана «Ата-Журт –Кыргызстан» партияларын эсептейт.
“Ушул этапта төрт саясий бирикменин парламентке өтүү мүмкүнчүлүгү жогору. Баарынан мурда, фавориттер катары өлкө президенти Садыр Жапаров менен УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев менен байланышы бар “Ишиним” партиясы менен “Ата Журт – Кыргызстан” партиясын эсептейм”, – деп билдирген Шестаков «Евразия. Эксперт» басылмасына берген маегинде.
Анын айтымында, бул бирикмелердин өздөрүнүн электораты бар, аймактарда штабдары бар, башкача айтканда, инфраструктура, логистика курулган. Мындан тышкары, алар быйылкы жаз-жай айларында жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо сыноолордон өтүшкөн.
Саясат таануучу белгилегендей, төрт лидердин катарына ошондой эле “Азаттык” партиясы кирет. Бул партиянын курамында акыркы 10-15 жылдан бери шайлоого такай катышып келген, жаңы саясий бирикмелерден айырмаланып, туруктуу электораты бар тажрыйбалуу саясатчылар бар. Аны парламенттин экс-спикери Ахматбек Келдибеков жетектейт. Ал 2010-жылы Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев сыяктуу санаалаштары менен «Ата Журт» партиясы менен парламентке өткөн. “Азаттык” партиясында өлкөнүн саясий турмушунда көптөн бери жүргөн фигуралар көп – булар мурдагы коргоо министрлери, мурдагы вице-премьерлер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары, башкача айтканда, шайлоо алдындагы ат салышуулардан өткөн жана мамлекеттик башкарууда тажрыйбасы барлар.
Шестаковдун айтымында, парламентке өтүүсү мүмкүн болгон төртүнчү партия – Адахан Мадумаров башында турган “Бүтүн Кыргызстан” партиясы.
“Бүтүн Кыргызстан – оппозициялык партиясынын кыргыз коомчулугунда өзүнүн электораты бар, ошондуктан буга чейин бир нече жолу шайлоого катышып, ар бир жолу Жогорку Кеңешке өтүүгө бир кадам калган. Эми алардын босогодон өтүүгө жана парламенттин кийинки чакырылышынын курамына кирүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөрү бар деп ойлойм”, – деп эсептейт саясат таануучу.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо 21 партия ат салышууда. Бир мандаттуу округдардан 321 талапкер катталып, 23-ноябрга карата 298 талапкер калды.
Депутаттардын жаңы курамы бир жыл кечигүү менен шайланууда. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышын шайлоо былтыр күздө үзгүлтүккө учурап, бийлик алмашып, соңунда башкаруу системасынын өзгөрүшүнө алып келген.
Президент Садыр Жапаров 28-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңешке шайлоо таза өтүп, административдик ресурс колдонулбай турганын айткан. Мамлекет башчысы бул шайлоо таза өтүшү үчүн саясий процесстин бардык катышуучуларын мыйзамды сактоого чакырган. Бирок ошого карабастан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети шайлоо мыйзамдарынын бир катар бузуулары аныкталганын билдирди.
Материалды даярдаган: Айзат Асанакунова