Бишкекте «Афганистандагы жаңы кырдаал: «Россия жана Борбор Азия мамлекеттери үчүн коркунучтар жана чакырыктар» аттуу конференция өтүүдө

Бүгүн, 24-ноябрда Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Афганистандагы жаңы кырдаал: «Россия жана Борбор Азия үчүн коркунучтар жана чакырыктар» аттуу конференция өтүп жатат.

Аталган иш чара Ж. Баласагын атындагы КМУ, Россиянын Кыргызстандагы элчилиги, «Евразиялыктар – жаңы толкун» Фонду, ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн интеграция көйгөйлөрүнө илимий-иликтөө жүргүзгөн «СОНАП-2050” борбору, “Күндеми» мультимедиялык маалымат борбору тарабынан уюштурулду.

Конференциянын максаты – Афганистандагы саясый кырдаалдын өзгөргөндүгүнө байланыштуу Россия жана Борбор Азия өлкөлөрүнө жаралган тобокелчиликтерге, чакырыктарга, коопсуздукка келтирилген коркунучтарга эксперттик баа берүү жана божомол жүргүзүү болуп саналат.

Конференциянын катышуучуларына алгач куттуктоо сөзүн Ж. Баласагын атындагы КМУнун ректору Канат Садыков, Россиянын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченко, «Евразиялыктар – жаңы толкун» Фондунун Президенти Юрий Ануфриевдер сүйлөштү.

Андан соң иш чаранын жүрүшүндө КРнын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыковдун, Кыргызстандын Афганистандагы мурдагы  Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мирослав Ниязовдун, Евразиялык саясый клубдун жетекчиси Никита Мендиковичтин, КРнын коргоо министринин мурдагы орун басары Мурат Бейшеновдун, социолог Максим Шугалейдин, КРнын коргоо министринин мурдагы орун басары Алик Мамыркуловдун, дин таануучу Кадыр Маликовдун, Б. Ельцин атындагы кыргыз-орус славян университетинин доценти Александра Неронованын, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин деканы Назира Курбанованын, «Чыгыш-Батыш» Стратегиясы» аналитикалык борборунун башкы директору Дмитрий Орловдордун доклад жасашы күтүлүүдө.

Ошондой эле бүгүнкү конференциянын алкагында жаштар үчүн «Афганистандагы аскердик-саясый кырдаал» деп аталган темада талкуу жана практикалык тренинг өткөрүлмөкчү. Бул талкуу Афганистанда толук масштабдуу жарандык согуш болушу мүмкүнбү?, Россия жана Борбор Азия өлкөлөрүндө чыңалуунун деңгээли, Россия, Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрү Афганистандын жаңы жетекчилиги менен кандай мамиле түзөт?, Азыркы учурда ушундай кадам жасоого болобу? Россия жана Афганистандагы топтордун кадыр-баркы, Россиянын аймактагы аскердик базаларынын ролу деген темалардын тегерегинде болмокчу.

Комментарий жиберүү