ЮНЕСКО Кыргызстан тарабынан демилгеленген тоо мөңгүлөрүн сактоо жөнүндө резолюцияны кабыл алды

ЮНЕСКО Кыргызстандын мөңгүлөрдү сактоо боюнча сунушун колдоду.

2021-жылдын 23-ноябрында Париж шаарында өткөн ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 41-сессиясынын жүрүшүндө мүчө-мамлекеттер бир добуштан Кыргыз Республикасы тарабынан демилгеленген жана Кыргыз  Президент Садыр Жапаров тарабынан үстүбүздөгү жылдын сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын жалпы дебаттарында айтылган «Тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жана изилдөө иштерин кеңейтүү» аталышында резолюцияны колдоп беришти.

Белгилей кетсек, резолюциянын башкы максаты тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жана изилдөө маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдөө. Туруктуу өнүгүү жана реализациялоо Күн тартиби – 2030дун принциптеринин негизинде биргелешкен иш аракеттер аркылуу келечек муунга коопсуз жана туруктуу айлана-чөйрөнү камсыздоо. Бул тууралуу КРнын Президентинин Аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын көп кылымдык мөңгүлөрү, дарыялары жана тоолуу экосистемасынын биотүрдүүлүгү жок болуу коркунучунда турат. Мөңгүлөрдүн ээриши приоритеттүү тоо жана өрөөндөр системасына узака созулган таасир этип, ал биотүрдүүлүк жана экосистемалык кызматтар үчүн глобалдык мааниге ээ.

ЮНЕСКО өз аброюн, эреже түзүү мүмкүнчүлүктөрүн, өзүнүн эксперттик билимин жана өз компетенциясындагы тажрыйбасын пайдаланып, сектор аралык мамилелелрди жана биримдикти бекемдөө менен бирге мөңгүлөргө мониторинг жасоо жана изилдөө иштери боюнча маселелелрди чечүү үчүн эл аралык коомчулукту мобилизациялай алат.

Комментарий жиберүү