Өткөн аптада Душанбе шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекет башчыларынын 20 жылдык юбилейлик саммити өтүп, анын жыйынтыгында биргелешкен декларация кабыл алынды. Мүчө мамлекеттер маанилүү чечимди жактырышты: ШКУ Жакынкы Чыгышка жайылууда. Эми дагы бир аймактык держава – Иран уюмдун тогузунчу толук укуктуу мүчөсү болот.
Иран Ислам Республикасы менен ШКУнун мүчөлөрү өз ара кызматташуудан кандай пайда ала алары жана бул кадамдын аймактык коопсуздук менен кандай байланышы бар экени жөнүндө Орусиянын Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер боюнча улуттук изилдөө институтунун улук илимий кызматери, эксперт Станислав Притчин «Eurasia Today» агенттигине берген маегинде сереп салды.
– Душанбеде өткөн акыркы саммитте ШКУга мүчө мамлекеттер Иранды уюмдун толук кандуу мүчөсү катары кабыл алууну жактырып, кирүү процедурасын ишке киргизишти. Сиздин оюңуз боюнча, бул качан ишке ашат жана кандай тоскоолдуктар болушу мүмкүн?
– ШКУга мүчө мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин акыркы отурумундагы эң маанилүү жаңылыктардын бири – Ирандын уюмга толук кандуу мүчө катары кириши болду. Менимче, жактыруу процедурасы жүргүзүлдү. Тараптардын эч кимиси Ирандын мүчөлүгүнө каршы болгон жок жана эч кандай каршылык көрсөтүшкөн жок, процедуранын калган бөлүгү техникалык мүнөздө болот. Ошондуктан Ирандын уюмга мүчө болуп кирүүсүндө эч кандай тоскоолдуктар жаралбайт деп ойлойм. Буга чейин Ирандын мүчөлүгү алдын ала консультациялар стадиясында тигил же бул себептерден улам жактырылбай келген. Эми бардык тараптар бул маселеде тилектеш экенин көрүүдөбүз.
– Акыркы жолу Душанбе Тегерандын уюмга кирүүсүн жактырган эмес. Эмне өзгөрдү жана эмне үчүн Тажикстан бүгүн Ирандын ШКУга мүчө болуусуна каршы болгон жок?
– Тажикстан Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүнүн ичинен Иранга маданий жана тил жактан салттуу түрдө эң жакын өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет. Душанбе 2017-жылы Ирандын ШКУга толук кандуу мүчөлүгү боюнча чечимге бөгөт койгон. Ошол учурда Тажикстан Республикасынын расмий бийлигинин “Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясына” карата объективдүү кыйынчылыктары болгон. Тегерандын бул маселеде өзүнүн позициясы бар болчу. Дал ушул карама-каршылыктар Душанбеге Ирандын ШКУга мүчө болушуна саясий жактан тоскоолдук кылган негизги факторлордун бири болгон. Бүгүнкү күндө кырдаал өзгөрдү жана өлкөлөрдүн алдында жалпы коркунучтар жана чакырыктар турат.
– Иран менен ШКУнун мүчөлөрү өз ара кызматташуудан кандай пайдаларды ала алышат?
Аймактагы Ирандан башка бардык негизги оюнчулар “Чоң үй-бүлөнүн” мүчөлөрү. Бүгүнкү күндө регионалдык державалардын катышуусуз негизги маселелерди чечүү мүмкүн эмес. ШКУ сыяктуу маанилүү уюмда Евразиядагы Иран сыяктуу ири мамлекеттин болбошу пайда алып келбестен, зыян келтирет.
– Ирандын ШКУга мүчө болушу уюмдагы державалардын таасирине кандай таасир этиши мүмкүн. Кандайдыр бир терс жактары барбы?
– Чындыгында, бул жерде ШКУнун ичиндеги державалардын таасиринде эч кандай олуттуу өзгөрүүлөр болбойт. Анткени Дели менен Исламабаддын уюмга кошулушунда “оор оюн” болгон: Орусия Индиянын мүчөлүгүнө, Кытай Пакистанга лобби кылган. Иран боюнча Москва менен Пекиндин мамилеси жана көз карашы бир. Ирандын уюмга мүчө болуусу союздун ичинде кандайдыр бир олуттуу өзгөрүүлөргө алып келбейт. Тегерандын “үй-бүлөгө” кошулушу менен ШКУ кеңири масштабда, олуттуу жана системалуу түрдө бүгүнкү күн тартибинде турган Ооганстан боюнча маселелерди чече алат.
– Ирандын ШКУга кирүүсүндө Кытай менен Орусиянын кандай кызыкчылыктары бар?
Ирандын Батыш менен татаал мамилеси (Иранга каршы эң катаал эл аралык санкциялар) Кытай менен Орусияга Тегеранга ШКУнун толук кандуу мүчөсү болуу статусун берүүдө дагы тоскоолдук жараткан. Бүгүн биз Батыштын пикири эки держава үчүн анча маанилүү эмес экенин көрүп турабыз. Москва менен Пекин өз кызыкчылыктарын чечим кабыл алууда экинчи факторго айланып бараткан Батыштын позициясынан айрыкча АКШ Ооганстандан “качып” кеткенден кийин жогору коет.
– АКШ жана анын батыштагы өнөктөштөрү мындай кадамды кандай кабыл алышы мүмкүн?
– Албетте, АКШ мындай чечимге кубанбайт, анткени бул Батыш өлкөлөрүнүн региондогу таасиринин жана катышуусунун төмөндөшүн билдирет. Чындыгында, Борбордук Евразиядагы бардык негизги оюнчулар ШКУга мүчө болуп саналат, мындан тышкары Ооганстан дагы байкоочу статусуна ээ экенин унутпаш керек. Америкалыктар региондон чыгып кеткенден кийин региондун негизги маселелери регионалдык державалар тарабынан чечилет.