Эксперт: «Талибан» менен тажик президентинин мамилеси чыңалууда

“Талибан” менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун ортосундагы мамиле мындан ары да начарлай берсе, жаман кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Мындай пикирин эксперт Азамат Темиркулов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Саясат талдоочу Тажикстандын эгемендүүлүк алганынын 30 жылдыгына карата Рахмон легендарлуу Ахмад Шах Масудду өлкөнүн жогорку мамлекеттик сыйлыгы “1-даражадагы Исмоили Сомони” ордени менен сыйлаганы мындан 20 жыл мурун эле терс жакка бурулган Тажикстандын президенти менен “Талибан” кыймылынын ортосундагы начар мамилени ого бетер күчөттү деп эсептейт.

“Рахмондун Ахмад Шах Масудга өлгөндөн кийин кадыр-барктуу сыйлык бергени анын талибандар менен мамилесин ого бетер начарлатты. Ахмад Шах Масуд “Талибандын” эң башкы душманы болчу. Рахмон аны Панжшер каршылыгы күч алып турганда сыйлады. Бул кыймыл менен Рахмондун ортосундагы мамиле коркунучтуу, чыңалуу абалында турат. Менин оюмча, Тажикстандын жана биздин региондун келечеги дал ушул мамилеге байланыштуу болот. Эгер бул мамиле мындан ары курчуп, чыңала берсе, Рахмон өзү менен кошо бул согушка ЖККУну, биринчи кезекте Орусияны дагы аралаштырат”, – дейт эксперт.

Талиптер Ооганстандын бийлигин басып алгандан кийин Борбор Азиядагы коңшуларына коопсуздукту, алардын ички иштерине кийлигишпесин жана террорчулар менен кызматташуудан баш тартарын убада кылган.

Өзбекстан менен Түркмөнстан талиптер менен сүйлөшүү жүргүзүп баштаганда Тажикстан Кабулдагы жаңы бийликти таанууга шашылбай турганын билдирген.

Ал арада Тажикстан менен Ооганстандын ортосундагы саясий абалга ортомчу болчулар дагы чыкпай койгон жок. 24-августта Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши Исламабаддан Душанбеге учуп барган. Расмий Исламабад кошуна Ооганстанда болуп жаткан окуялар боюнча нейтралдуу позицияда экенин айтып келет. Бирок эл аралык эксперттер дал ошол Пакистандын колдоосу “Талибандын” ийгиликке жетүүсүндө чоң роль ойногонун баса белгилеп келишет.

Шах Махмуд Куреши менен Тажикстандын президентинин жолугушуусу жабык эшик артында  өтүп, андан кийинки күнү эле Эмомали Рахмон билдирүү жасап, “Талибан” менен кандайдыр бир мамиле түзүүдөн баш тартарын айтып, “Тажикстан Ооганстанда басмырлоо жана куугунтуктоо жолу менен, бүткүл ооган элинин, бардык улуттук азчылыктардын позициясын эске албай туруп түзүлгөн эч кандай өкмөттү тааныбайт”, – деп жар салган.

Айрым экперттер Тажикстан өзүнүн башкы стратегиялык өнөктөшү Орусияга таянарын жана анын айтканынан чыкпай турганын эске алышып, анын “Талибанга” коюп жаткан талаптары Москва менен макулдашылган жана анын кызыкчылыгына жооп берген жүрүш деп айтуунун жүйөсү бар деп айтышууда.

Комментарий жиберүү