Жер планетасын магниттик бороон каптап келатат

Күн динамикасынын обсерваториясы (SDO) 20-сентябрда Күндүн түштүк жарым шарында Жерди караган короналдык тешикти сүрөткө тартып алган.

Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Ал жерде бошоп калган плазма күн шамалынын бир бөлүгү болуп, Жерди көздөй келатканы байкалган.

SpaceWeatherLive жарыялаган маалыматка караганда, эртең, 23-сентябрда шамал биздин планетага жетип, магниттик бороон-чапкындарды жаратышы мүмкүн.

Адистер магниттик (геомагниттик) бороон деп магнит талаасы менен Күн шамалынын өз ара аракеттенүүсүнөн келип чыккан Жер планетасынын геомагниттик талаасынын бузулушун аташат.
Мындай бороон бир нече сааттан бир нече күнгө чейин созулушу мүмкүн жана техникалардын иштөөсүнүн бузулушуна жана метеорологияга көз карандылыгы бар адамдардын өзүн сезүүсүнүн начарлашына алып келиши мүмкүн.

Эскерте кетсек, өткөн аптада окмуштуулардын иликтөөсүнө ылайык, сентябрь айынын башынан бери Күндө магниттешкен бөлүкчөлөрдүн акыркы 10 миң жылдын ичиндеги эң күчтүү чачырандылары байкалганы маалымдалган эле.

Комментарий жиберүү