Шойгу: Россия менен Иран кызматташтыкты эң жогорку деңгээлде улантат

Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Акбар Ахмадиан менен телефон аркылуу сүйлөштү, анда ал Иран менен Россия кызматташууну эң жогорку деңгээлде уланта турганын баса белгиледи.

Бул тууралуу IRIB агенттиги жазды.

“(Ирандын – ред.) Улуттук коопсуздуктун Жогорку кеңешинин катчысы менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Сергей Шойгу эки өлкөнүн ортосундагы ар түрдүү тармактарда жогорку деңгээлдеги кызматташтыкты улантууга басым жасады”, — деп айтылат агенттиктин расмий Telegram каналында жарыяланган билдирүүсүндө.

Шойгу ошондой эле 19-майда өлкөнүн түндүк-батышында тик учактын кыйрашынан улам Ирандын президенти Ибрахим Раиси, тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан жана башка бир катар жогорку даражалуу чиновниктердин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Ирандын президенти Ибрахим Раиси, Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка жогорку кызматтагы адамдар 19-майда Азербайжан менен чек арадан кайтып келатканда тик учак кырсыгында каза болушкан. Алардын сөөктөрү эртеси күнү табылган. Тик учакта Раиси жана Абдоллахияндын тышкары, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати, аятолла Мохаммед Али Але-Хашем, президенттик күзөт кызматынын өкүлдөрү, жалпысынан сегиз киши болгон. Тик учактын кыйроосунан эч ким аман калган эмес.

Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы россиялык кесиптешине көңүл айтканы үчүн ыраазычылык билдирип, жаңы кызматында ийгиликтерди каалап, аны Тегеранга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Ал ошондой эле эки өлкөнүн улуттук коопсуздук кеңеши мамилелерди мындан ары жакшыртуу боюнча эки өлкөнүн стратегиялык максаттарын ишке ашырууга колдоо көмөктөшүүгө даяр экендиги билдирди.

Эске салсак, 12-майда Россиянын президенти Владимир Путин Сергей Шойгуну Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы кылып дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Анын ордуна Андрей Белоусов Коргоо министри болуп дайындалган.

Комментарий жиберүү