Өзбекстандын жаш окумуштуулары Иранда окуудан өтүшөт

Өзбекстандык жети жаш окумуштуу Ирандагы Айыл чарба изилдөө жана билим берүү уюмунун (AREEO) окуу жана иликтөө борборлорунда окуудан өтүшөт.

Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлиги билдиргенин өзбек ЖМКлары жазды.

Окуудан өткөрүү программаларын уюштуруу боюнча келишимге Өзбекстандын Жогорку билим, илим жана инновация министринин орун басары Сарвархан Бузрукханов менен Ирандын Айыл чарба министринин орун басары – AREEOнун жетекчиси Мохтаба Хайям Некойдун жолугушуусунда кол коюлду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташуу боюнча да пикир алышты.

«Тактап айтканда, айыл чарбасында технологияларды трансферттөө, мал чарбачылыгында колдонуу үчүн вакциналарды иштеп чыгуу боюнча биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган жаңы технологиялар боюнча тажрыйба алмашуу кызматташуунун жаңы кадамдары болушу мүмкүн экендиги белгиленди», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, иран тарап жеке сектордун өкүлдөрүнө, өзгөчө илимий жана технологиялык компанияларга технологиялык кызматташтыкты кеңейтүүдө колдоо билдирди.

Комментарий жиберүү