Өзбекстандын калкы 36 миллиондон ашты

 Өзбекстандын туруктуу калкынын саны 9-декабрга карата 36 миллиондон ашты.

Бул тууралуу Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта 36 миллиондун ичинен 18,1 миллионун эркектер, 17,9 миллионун аялдар түзөрү айтылат.

Мамлекеттик статистика комитетинин жылдын биринчи үч кварталынын (1-октябрга карата) жыйынтыгы боюнча берген маалыматында, туруктуу калктын саны 549,7 миңге же 1,6%га көбөйүү менен 35,821 млн адамга жеткенин билдирген эле.

Белгилей кетсек, туруктуу калк – эл каттоо учурунда белгилүү бир жерде же аймакта туруктуу жашаган, анын ичинде өлкөдө убактылуу жок болгон калк.

Өзбекстан калкынын саны боюнча дүйнөдө 41-орунда турат.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *