БУУнун комиссиясы: Израил 7-октябрдан бери Газадагы палестиналыктарды кырып жатканы үчүн күнөөлүү. Израиль бийлиги 2023-жылы 7-октябрдан бери Газада “палестиналыктарды жок кылып жаткандыгы” үчүн күнөөлүү, деп билдирди БУУнун оккупацияланган Палестина аймагында көз карандысыз эл аралык иликтөө комиссиясынын төрайымы Нави Пиллай. «Израилдин Газада 7-октябрда башталган аскерий операцияларына жана кол салууларына байланыштуу, биз Израилдин бийликтери согуш кылмыштары, адамзатка каршы кылмыштар жана эл аралык гуманитардык жана адам укуктарынын бузулушу, анын ичинде жарандарды жана жайкын тургундарды бутага алган атайылап массалык кыргын…
Прочитайте большеDay: June 19, 2024
Иранда президенттикке талапкерлердин дебаты өттү
18-июнда IRIB мамлекеттик телеканалында Ирандын президенттигине алты талапкердин дебаты болду. Ага Ислам республикасынын аткаруу бийлигинин башчысы кызматына ат салыша турган бардык талапкерлер катышты: Иран парламентинин (Мажлис) спикери Мохаммад Багер Галибаф, Тегеран шаарынын мэри Алиреза Закани, Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин өкүлү Саид Жалили, Ички иштер жана юстиция министрликтеринин мурдагы башчысы Мостафа Поурмохаммади, вице-президент Амир Хоссейн Газизаде Хашеми жана мурдагы саламаттыкты сактоо министри МасудПезешкян. Биринчи дебат негизинен экономикага арналды. Талапкерлердин ар бири санкциялык кысымга каршы күрөшүү, инфляцияны…
Прочитайте большеРоссия менен Түндүк Корея жаңы стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюшту
Россия менен Түндүк Кореянын лидерлери Владимир Путин менен Ким Чен Ын Пхеньяндагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюшту, деп билдирди РИА Новости агенттиги. РФ президенти даярдалган документти фундаменталдуу деп атап, анын негизинде Москва менен Пхеньяндын келечектеги кызматташуусу турарын белгиледи. Жаңы келишим негизги документтерди – 1961-жылдагы достук жана өз ара жардамдашуу келишимин, 2000-жылдагы достук, жакшы коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимди, ошондой эле 2000 жана 2001-жылдардагы Москва жана Пхеньян декларацияларын алмаштырат. Кремлдин өкүлү белгилегендей,…
Прочитайте больше