Президент Садыр Жапаровдун Бельгия Королдугуна болгон иш сапарын аяктап, 26-июнга караган түнү Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Бельгиянын Королу Филипп менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуу бетме-бет форматта өтүп, анда тараптар Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашып, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, Кыргызстан менен Бельгиянын мындан аркы өз ара аракеттенүүсүнүн бир катар келечектүү багыттары белгиленди. Ошондой эле президент Садыр Жапаров Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен тар жана кеңейтилген курамда…
Прочитайте большеDay: June 26, 2024
Түштүк Кореяда заводдо өрт чыгып, 20дан ашык адам каза болду
Түштүк Кореяда заводдон өрт чыгып, 20дан ашык адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. Хвасондогу литий аккумуляторлорун чыгарган заводдогу тилсиз жоодо көз жумгандардын саны 22ге жетти. Өрт дүйшөмбү күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:30дар чамасында болгон. Алардын көбү кытайлык жарандар. Каза болгондордун саны дагы да өсүшү мүмкүн, анткени дайынсыз жоголгон кызматкерлер да бар. Өрттөн 2 киши олуттуу, алты адам жеңил жаракат алган. Сеул шаарынан 45 чакырым алыстыкта жайгашкан заводдогу өрттү чектөөгө алышкан….
Прочитайте большеДССУ: Газанын ар бир бешинчи жашоочусу тамак-аштын жетишсиздигинен жапа чегүүдө
Газада ачарчылык коркунучу өтө жогору бойдон калууда, анклавдын ар бир бешинчи жашоочусу тамак-аштын жетишсиздигинен жапа чегүүдө, деп билдирди Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус. “Жаңжал уланып жатканда Газада ачарчылыктын жогорку коркунучу сакталып турат. Газанын ар бир бешинчи жашоочусу тамак-аштын жетишсиздигинен жапа чегүүдө. Тилкенин дээрлик бардык тургундары тамак-аш тартыштыгына туш болушууда”, – деди ал X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы согуштук аракеттерди токтотуу жана гуманитардык жардамга токтоосуз, тоскоолдуксуз жана туруктуу жеткирүүнү…
Прочитайте большеВнуково аэропортунда Тажикстандын 80 жаранын Орусияга киргизбей койду
Аларга үч айга Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган. Москванын Внуково аэропортунда Тажикстандын 80 жараны Орусияга кирүүсүнө тыюу салынган. Бул тууралуу «Азия-Плюстун» абоненттери билдирди, алардын айрымдары дагы аэропортто болгон. Алардын бирөөсүнүн айтымында, тажиктер 24-июнда таңкы саат 6да Душанбеден Москванын Внуково аэропортуна учуп кетишкен. Бирок белгисиз себептерден улам аларга Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынган. Булактын айтымында, эртеси, 25-июнда 40 адам Тажикстанга кайра жөнөтүлгөн, калган 40 адам дагы деле Внуково аэропортунда учуп кетүүнү күтүп жатышат. «Аэропорттун кызматкерлери…
Прочитайте больше