Пакистанда ысык аптаптын айынан 600дөй адам каза таап, ооруканалар менен өлүкканалар толуп калды. Айрым маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык, миңдеген адам ооруканага кайрылууга аргасыз болду. Көз жумгандардын көбү Пакистандын Карачи шаарынын жайшоочулары. Шаарда абанын температурасы 40 градустан ашканы, бирок болжол менен температура 49-50 градуска чейин жеткендиги айтылууда. Тез жардам унаалары ысык урган ондогон кишилерди өлүкканаларга ташыгандыгын Эдхи фондусунун башчысы Фейсал Эдхи билдирген. “Күнүгө Карачидеги өлүкканага 30-40 сөөк келип жатат. Акыркы алты күндүн ичинде алардын саны 568ден…
Прочитайте большеDay: June 28, 2024
Орусия фронтко 10 миңдей мигрантты жөнөттү
Орусиянын жарандыгын алган 10 миңдей мигрант согуштук аракеттерге катышууну каалабаганына карабай, Украинага жөнөтүлгөн. Бул тууралуу 27-июнда Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин (ТК) төрагасы Александр Бастрыкин билдирди. «Жалпысынан биз жарандык алган жана аскердик каттоого тургусу келбеген 30 миңден ашык мигрантты кармай алдык, 10 миңге жакыны Түндүк аскер округунун аймагына жөнөтүлдү», – деди Бастрыкин Санкт-Петербургдагы эл аралык юридикалык форумда. Ал Россия Федерациясынын мыйзамдарында жаңы жарандардын аскердик каттоого туруу жана зарыл болгон учурда аскердик иш чарага катышуу милдети каралганын…
Прочитайте большеИранда президенттикке талапкерлердин баары өз добуштарын беришти
Иранда өтүп жаткан президенттик шайлоодо төрт талапкер ат салышууда. Талапкерлердин баары шайлоо участкаларына келип өз добуштарын беришти. Алардын ичинен биринчи болуп Иран парламентинин спикери Мохаммад Багер Галибаф Тегерандын четиндеги Шах Абдул Азим мечитиндеги шайлоо участкасында добуш берди. Андан кийин ички иштер жана юстиция министрликтеринин мурдагы башчысы Мостафа Поурмохаммади Тегерандагы “Хосейние Эршад” маданий жана диний борборунда добуш берди. Ал эми үчүнчү болуп Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин өкүлү Саид Жалили Тегерандагы Имам Хасан мечитиндеги шайлоо участкасында жарандык милдетин аткарды. Мурдагы саламаттыкты сактоо…
Прочитайте больше