Иран Израиль тарабынан оккупацияланган Голан дөңсөөлөрүндөгү Маждаль- Шамс шаарына жасалган ракеталык чабуул – Тель-Авивдин Газа тилкесиндеги кылмыштарынан коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн жасалган «жасалма сценарий» деп атады. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Насер Канани Голандагы чаюуулга реакция жасап билдирди. Анын айтымында, Израилдин ар кандай акылга сыйбаган аракеттери Батыш Азия чөлкөмүндөгү туруксуздуктун өнүгүшүнө себепчи болушу мүмкүн, бул үчүн Израиль тарап жоопкерчилик тартат. Ишембиде Голан дөңсөөлөрүндөгү соккудан 12 киши набыт болуп, 30дан ашыгы жараат алганын билдирген. Жабыркагандар 10-20…
Прочитайте большеDay: July 29, 2024
Путин: АКШ Германияга ракеталарын жайгаштырса, Орусия ага шайкеш жооп кайтарат
Орус президенти Владимир Путин эгер өлкө аймагына сокку урууга жөндөмдүү америкалык ракеталык системалар Германияда жайгаштырылса, Кремль орто жана кыска аралыкка учуучу ракеталарды орноторун билдирди. Путин Санкт-Петербургдагы Аскер-деңиз флотунун күнүнө арналган парадда сүйлөп жатып, ракеталардын “учуу убактысын” дагы бир жолу эске салды. Жекшембиде Путин Вашингтон менен Берлиндин “2026-жылдан тарта Германиянын аймагында америкалык алыс аралыкка атуучу ракеталык системаларды жайгаштыруу” пландары тууралуу билдирүүлөрү көңүл бурдуруп жатканын айтты. Путиндин айтымында, Орусиянын маанилүү мамлекеттик жана аскерий башкаруу объектилери мындай курал-жарактар…
Прочитайте большеРоссияда төрөлүү көрсөткүчү өтө төмөн – Песков
Кремль экономикалык башаламандык жана согуш Орусиянын демографиясына олуттуу таасирин тийгизгенин моюнга алат. Төрөттүн көрсөткүчү 1,4 деңгээлде менен рекорддук санда өтө төмөн. Бул улуттун келечеги үчүн катастрофа, деди Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков. «Биз дүйнөдөгү эң чоң мамлекетте жашайбыз. Бирок жыл өткөн сайын биз азайып баратабыз», – деди Песков. БУУнун Экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаментинин болжолдоолоруна ылайык, Россиянын калкы жакынкы 75 жылда жылына 300-600 миң адамга азаят, ал эми 21-кылымдын аягында өлкөнүн калкы акыркы 135 жылдагы…
Прочитайте большеИран: Пезешкиан президенттикке бекитилип, биринчи вице-президентти дайындады
Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи жаңы шайланган Масуд Пезешкянды Ислам Республикасынын президенти кылып бекиткен жарлыкка кол койду. Тегерандагы иш-чарага Иран жетекчилигинен көптөгөн жогорку даражалуу расмий адамдар катышты. Салтанат Ички иштер министрлигинин башчысы Ахмад Вахидинин президенттик шайлоо кандай өткөнү тууралуу баяндамасы менен башталды. Жарлыктын текстин Хаменеинин кеңсесинин башчысы Мохаммад Гольпаегани окуду. Түп нусканы Жогорку лидер Пезешкянга жеке өзү тапшырды. Жаңы президент элге ыраазычылык сөздөрүн айтып, элди ынтымакка, биримдикке чакырды. Шайланган президентти бекитүү аземи милдеттүү болуп саналат жана ал Мажлис имаратында (бир палаталуу парламент) боло…
Прочитайте большеЭрдоган Түркия Израилге “кириши” мүмкүн экенин эскертти. Израилдин жообу
Түркия бир убакта Ливия менен Тоолуу Карабахка кандай кирсе, Израилге да ошондой кириши мүмкүн. Бул тууралуу түрк лидери Режеп Тайип Эрдоган Ризе башкаруучу партиянын Ризе провинциясындагы бөлүмүнүн жыйынында билдирип, анын сөзү жергиликтүү телеканалдар аркылуу көрсөтүлгөнүн РИА Новости агенттиги жазды. Ал Түркиянын коргонуу өнөр жайынын жетишкендиктерин белгилеп, бирок эгер алар мындан да кубаттуу болсо Израиль “Палестинага азыр жасаган ишин кылмак эмес” деди. Эрдоган Түркиянын коргонуу өнөр жайынын жетишкендиктерин белгилеп, бирок, эгер алар мындан да кубаттуу болгондо, Израиль Палестинага…
Прочитайте большеНиколас Мадуро Венесуэладагы шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыяланды: дүйнөдөгү реакция
Республикадагы шайлоодо Венесуэланын азыркы президенти Николас Мадуро жеңип чыкты. Ал үчүнчү жолу алты жылдык мөөнөткө шайланды. Оппозициянын билдирүүсү Венесуэла оппозициясынын лидерлеринин бири Корина Мачадо президенттикке талапкер Эдмундо Гонсалестин командасы анын шайлоодогу жеңилгенин тааныбай турганын билдирди. Оппозициялык күчтөрдүн праймериздерин жеңип, бирок мурда сот тарабынан саясий укуктарынан ажыратылгандыктан шайлоого катышпаган Мачадонун айтымында, Мадуронун каршылаштары жарыяланган жыйынтыкка нааразылык билдирүүгө аракет кылышат. Дүйнөдөгү реакция Аргентинанын президенти Хавьер Майли анын өлкөсү Николас Мадуронун жеңишин тааныбай турганын, анткени добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча оппозиция лидери Эдмундо Гонсалести лидер…
Прочитайте большеИлон Маск Трампты колдоо үчүн айына 45 миллион доллар берүүнү пландап жатат
Илон Маск шайлоодо экс-президент Дональд Трампты колдогон жаңы саясий комитетке айына 45 миллион доллардай жардам берүүнү пландап жатат, деп билдирет New York Post басылмасы. Тесланын жетекчиси Дональд Трампты өлтүрүү аракетинен кийин толук колдоону чечти жана Трамптын кампаниясына салым кошкон бир нече технология магнаттарынын бири болуп калды. Башка колдоочуларга Palantir Technologies компаниясынын негиздөөчүсү Джо Лонсдейл, ишкерлер Уинклвосс эгиздери Кэмерон Ховард жана Тайлер Ховард, АКШнын Канададагы мурдагы элчиси Келли Крафт жана анын күйөөсү Джо Крафт, көмүр казуучу Alliance Resource Partners компаниясынын башкы директору кирет. Бул топ…
Прочитайте большеИрандын жогорку лидери тышкы саясаттагы артыкчылыктарды атады
Ирандын тышкы саясаттагы артыкчылыктары – коңшу мамлекеттер, Африка жана Азия өлкөлөрү жана Тегеранга кысым учурунда аны колдогондор менен мамилени өнүктүрүү болуп саналат. Бул тууралуу Ислам Республикасынын Жогорку лидери Али Хаменеи өлкөнүн жаңы шайланган президенти Масуд Пезешкянды кызматка бекитүү аземинде билдирди. “Тышкы саясатта артыкчылыктуу багыттарыбыз бар. Биздин артыкчылыктарыбыздын бири – биздин коңшуларыбыз. Коңшулар менен мамиленин үстүндө иштешибиз керек. Дагы бир артыкчылыктуу багыт – Африка, Азия өлкөлөрү сыяктуу биздин дипломатиялык аренабызды кеңейте ала турган өлкөлөр менен мамиле түзүү. Дагы…
Прочитайте больше