Палестиналык ХАМАС кыймылынын Саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханиянын Тегеранда өлтүрүлүшү Иранды Жакынкы Чыгышта Израиль менен олуттуу тирешүүгө мажбурлоо максатын көздөйт. Мындай пикирин ирандык саясат таануучу, профессор Мехди Сейф Табризи ТАСС агенттигине билдирди. ХАМАС кыймылынын Саясий бюросунун 62 жаштагы башчысы Исмаил Хания Ирандын баш калаасы Тегеранда болгон кол салууда өлтүрүлдү. Ал Иранга жаңы президент Масуд Пезешкиандын 30-июлда өткөрүлгөн инаугурациясына катышуу үчүн барган. ХАМАС кыймылы Хания Тегеранда өткөрүлгөн Израилдин рейдинин маалында өлтүрүлгөнүн тастыктады. Израиль бул окуя боюнча комментарий бере элек. Иран…
Прочитайте больше