“Ирандын өзөктүк келишими” катары белгилүү болгон Биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планынын (БКИП же JCPOA) айланасындагы кырдаал татаал жана көп кырлуу маселеге айланды. АКШнын келишимден чыгышы 2018-жылы президент Дональд Трамптын администрациясы, МАГАТЭ менен келишимге кирген башка тараптардын айткандарына жана Иран өз милдеттенмелерин аткарып жатканына карабай өзөктүк келишимден чыгып кеткен. АКШнын билдирүүсүнө караганда, андан чыгып кетүүсүнүн негизги себеби, келишим узак мөөнөттүү келечекте Ирандын өзөктүк ишмердүүлүгүн жетиштүү чектеген жок жана Ирандын ракеталык программасы менен аймактагы таасири сыяктуу маселелерди чечкен…
Прочитайте большеDay: August 28, 2024
Amnesty International Израилдин Рафахка кол салууларын согуш кылмыштары катары иликтөөгө чакырды
Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму Израилдин Газанын түштүгүндөгү Рафахка кол салууларын согуш кылмыштары катары иликтөөгө чакырды. 26-майда Израиль Рафахтагы палестиналык качкындар лагерине чабуул койгон. Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, кол салуудан кеминде 45 киши каза болуп, жүздөгөн адамдар күйүк, сынык сыяктуу ар кандай жаракаттарды алышкан. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Рафах шаарындагы качкындар лагерине урулган, ондогон палестиндин өмүрүн алган соңку соккуну «трагедиялуу кокустук» деп атаган. Бул сокку эл аралык коомчулуктун, гуманитардык уюмдардын, Бириккен…
Прочитайте большеБУУ Аль-Акса мечитинде синагога куруу сунушун айыптады
БУУ Израилдин улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвирдин басып алынган Чыгыш Иерусалимдеги Аль-Акса мечитинин ордуна синагога куруу сунушун айыптады. Бул тууралуу Anadolu агенттиги билдирди. «Мындай билдирүүлөр, жок дегенде, өтө терс натыйжа берет. Алар ансыз да чыңалган кырдаалды курчутуп жиберүү коркунучун жаратат», – деди БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик журналисттерге маалымат жыйынында. Ал кошумчалагандай, Иерусалимдеги ыйык жерлерге байланыштуу тараптар макулдашкан статус-кво бар, аны баары сыйлаш керек. Дюжаррик абалдын мындан ары курчушуна жол бербее учун келишимди иш жузунде да, ачык…
Прочитайте большеНамибия Израилге курал ташыган кемени портуна киргизбей койду
Намибиянын бийликтери Израилге курал-жарактарды ташыган “MV Kathrin” кемесин өлкөнүн аймактык сууларына киргизбей койду. Бул тууралуу өлкөнүн өкмөттүк “New Era” гезити жазды. Маалыматка караганда, Уолфиш-Бей портуна кирүүнү пландаган кемени киргизбөөнү өлкөнүн Юстиция министри Ивонна Даусаб талап кылган. Ивонна Даусаб “New Era” гезитине берген маегинде мындай чечим Намибиянын Палестина элине көрсөткөн колдоосуна жана өлкөдөгү зомбулукту токтотуу талабына ылайык кабыл алынганын түшүндүрдү. Африка өлкөсүнүн юстиция министри Вьетнамдан жолго чыккан “MV Kathrin” кемесинде кандай аскердик жүк болушу мүмкүн экенине…
Прочитайте большеПалестина БРИКСке кошулууну каалайт
Палестина октябрда Казанда өтө турган БРИКСтин саммитинен кийин биримдикке кошулуу үчүн арыз берет. Бул тууралуу Палестинанын Орусиядагы элчиси Абдель Хафиз Нофаль маалымат жыйында билдирди. “Саммитке биринчи жолу катышкандан кийин биз бул биримдикке кирүү өтүнүчүн жөнөтөбүз жана Орусиянын президенти Владимир Путин сессия толугу менен Палестинага арналат деп убада кылды, ошондуктан бизде бул саммиттен эң позитивдүү күтүүлөр бар”, – деди ал. Элчи Палестинанын саммитке чакыруусу “позитивдүү билдирүү” жана Палестина элине колдоо көрсөтүү экенин кошумчалады. “Бул чакыруу Газа тилкесиндеги бардык…
Прочитайте больше