“Ирандын өзөктүк келишими” катары белгилүү болгон Биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планынын (БКИП же JCPOA) айланасындагы кырдаал татаал жана көп кырлуу маселеге айланды.
АКШнын келишимден чыгышы
2018-жылы президент Дональд Трамптын администрациясы, МАГАТЭ менен келишимге кирген башка тараптардын айткандарына жана Иран өз милдеттенмелерин аткарып жатканына карабай өзөктүк келишимден чыгып кеткен.
АКШнын билдирүүсүнө караганда, андан чыгып кетүүсүнүн негизги себеби, келишим узак мөөнөттүү келечекте Ирандын өзөктүк ишмердүүлүгүн жетиштүү чектеген жок жана Ирандын ракеталык программасы менен аймактагы таасири сыяктуу маселелерди чечкен жок дегенге негизделген.
Санкциялар жана кысымдар
Аталган келишимден чыккандан кийин АКШ Иранга каршы санкцияларды күчөтүп, “максималдуу басым жасоо” саясатын баштады.
Жаңы санкцияларды киргизүүгө багытталган бул саясаттын максаты – Иранды экономикалык жактан муунтуп, жаңы жана катаал келишимдердин үстүндө сүйлөшүүгө аргасыз кылуу болгон.
Иранга каршы айыптоо
АКШ жана анын союздаштары Иранды санкцияларга жооп катары 2019-жылдан тарта келишимдин чегинен аша баштаганын жүйө келтирип, Иранды өзөктүк келишимдин талаптарын бузду деп айыпташты.
Бирок Иран өзүнүн иш аракеттери менен бул келишимдин шарттарын бузган АКШга жооп болгонун айтып, келишимдин башка тараптары өз милдеттенмелерин толук аткарса, анда кайтарымы болоорун белгилеген.
Мындай саясаттын себептери
— Саясий жана идеологиялык мотивдер: Трамптын администрациясы келишим өтө жумшак жана аны кайра карап чыгууга негиз бар деп эсептеп, Иранга карата саясатын чечкиндүү өзгөртүүгө негиз болгон. Мындан тышкары, Иранга каршы риторика АКШнын аймактагы негизги өнөктөштөрү – Израиль менен Сауд Арабиянын кызыкчылыктарына дал келген.
— Аймактык таасирлер: АКШ Ирандын Жакынкы Чыгыштагы таасирин чектөөнү көздөйт, бул жерде Тегеран Ливандагы Хезболла сыяктуу өнөктөш топтору жана Ирак менен Сириядагы ар кандай шиит топтору аркылуу олуттуу таасир тийгизет.
— Ички саясий ойлор: Трамп администрациясынын өзөктүк келишимден чыгуусу – эл аралык саясатта өздөрүнүн катаал мамилесин далилдөөнүн бирден бир жолу болгон. Анткени мындай жол менен алар шайлоочулардын айрым топторунун арасында колдоого ээ болууну көздөшкөн.
Ирандын реакциясы
Санкциялардан улам экономикалык кыйынчылыктарга дуушар болгон Иран белгилүү мөөнөткө чейин аталган келишимдин талаптарын аткарып баруу менен бул келишимди сактап калууга жана убада кылынган экономикалык пайдага жетүүгө аракет кылган.
Бирок АКШ келишимден чыгып кеткен соң, Европа өлкөлөрүнүн колдоосу азайгандыктан, Иран өз милдеттенмелерин аткаруусун акырындык менен азайта баштады.
ЕБдин ролу
Европа Биримдик (ЕБ) Иран менен Биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планына (БКИП) жетишүүдө жана аны сактоодо негизги ролду ойноду. Бирок АКШнын 2018-жылы бул келишимден чыгып кеткени – ЕБнин бул маселе боюнча саясаты татаал жана талаштуу жолдо калганын далилдеди. Бул жерде ЕБ так жана ырааттуу позицияны иштеп чыгууда кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткан кээ бир себептер бар. Алар кайсылар?
Кызыкчылыктарды тең салмактоодогу кыйынчылыктар:
— Трансатлантикалык байланыштар: Евробиримдик көз карандысыз болгонуна карабастан, анын тышкы саясаты көбүнесе АКШ менен кызматташууга, айрыкча коопсуздук жана коргонуу тармагында көз каранды. АКШнын келишимден чыгышы – Европаны Иран менен экономикалык алакаларды сактап калуу жана Вашингтон менен трансатлантикалык өнөктөштүктү сактоонун ортосунда оор тандоону жаратып берди.
— Экономикалык санкциялар: Европалык компаниялар америкалык санкциялардын кысымына кабылды, бул алардын Иран менен соодасын бир топ татаалдаштырды. Иран менен экономикалык алакаларды улантууну каалаганына карабай, көптөгөн европалык компаниялар Американын санкцияларынан сестенип, кызматташууну токтото турууну туура көрүштү.
Европалык механизмдердин натыйжасыздыгы:
— INSTEX: АКШнын санкцияларына жооп катары ЕБ санкцияларды айланып өтүү жана Иран менен сооданы улантуу үчүн INSTEX механизмин түздү, бирок ал жетиштүү деңгээлде эффективдүү болгон жок жана Ирандын экономикалык жоготууларынын ордун толтура да алган жок. Бул – Иран тараптын көңүлүн калтырып, ишеним кризисин тереңдетти.
— Таасирлердин чектелген инструменттери: Евробиримдиктин эки тарапка тең эффективдүү таасир тийгизүүчү жана өзөктүк келишимдеги милдеттенмелерин аткартуу үчүн АКШга же Иранга жетиштүү экономикалык жана саясий рычагдары жок.
ЕБдеги ички келишпестиктер:
— Мүчө мамлекеттердин түрдүү мамилелери: Евробиримдиктин ичинде Иранга карата саясат боюнча ар кандай пикирлер бар. Маселен, Франция менен Германия келишимдин сакталышын катуу колдошсо, кээ бир Чыгыш Европа өлкөлөрү АКШнын позициясын колдоп, Тегеранга каршы катуураак позицияны карманышты.
— Тышкы акторлордун таасири: Евробиримдик Сауд Аравиясы сыяктуу араб мамлекеттеринин жана Израилдин кысымына кабылып жатат. Алар Иран менен ар кандай жакындашууга караманча каршы жана Европа катаал саясатты колдошу керек деп эсептешет.
Аймактык туруксуздуктан коркуу:
— Ирандын өзөктүк программасы боюнча кооптонуулар: аймактагы чыңалуунун мындан ары да күчөшүнөн Европа тынчсызданууда, анткени бул Ирандын өзөктүк программасын өнүктүрүүгө жана акырында аймактык жаңжалга алып келиши мүмкүн деп эсептешет. Евробиримдик маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө кызыкдар, бирок бир тараптуу аракеттер үчүн өз кызыкчылыктарын тобокелге салууга даяр эмес.
Саясий эрктин жетишсиздиги:
— Лидердин жоктугу: Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгып кетүүсү жана миграция кризиси сыяктуу ички тоскоолдуктардын шартында Евробиримдик Иран маселеси боюнча так саясатты иштеп чыгуу үчүн жоопкерчилик ала турган бирдиктүү лидердин жоктугуна туш болду.
— АКШга көз карандылык: Көбүрөөк стратегиялык автономияны каалаганына карабастан, ЕБ Американын саясатына, айрыкча коопсуздук жана эл аралык санкцияларга көз каранды бойдон калууда.
Натыйжада, ЕБ бир эле учурда трансатлантикалык өнөктөштүктү сактап калууга жана Иранды БКИП алкагында кармап турууга аракет кылуу менен оор кырдаалга туш болду. Евробиримдиктин саясатындагы чечкинсиздик жана карама-каршылыктар тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу зарылчылыгы менен АКШнын кысымына жана аймактагы туруксуз кырдаалга байланыштуу, мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелиши менен түшүндүрүлөт.
Натыйжада, БКИПтин айланасында түзүлгөн кырдаал эл аралык жана ички саясий факторлордун татаал айкалышын, геосаясий кызыкчылыктардын жана идеологиялык айырмачылыктардын таасирин чагылдырып калды.
Материалды даярдаган: Азиз Пиримкулов