Бангладештеги башаламандыктарда кеминде 300 адам каза болду. Алардын 94ү жекшембиде каза болгон. Бул тууралуу Франс Пресс агенттиги полиция, дарыгерлерге жана бийликтерге шилтеме берүү менен кабарлады. Жергиликтүү Daily Star гезити мурдараак Бангладеште жекшемби күнү күндүзгү тополоңдо каза болгондордун саны 93кө жеткенин, анын ичинде 14 полиция кызматкери болгонун билдирген. ТЕМА БОЮНЧА Венесуэлада президенттик шайлоодон кийин тутанган нааразылык өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүн каптады 30.07.2024 Өлкөдөгү башаламандыктардан улам Бангладештин премьер-министри Шейх Хасина кызматтан кетип, өлкөдөн чыгып кеткенин “News18” X социалдык…
Прочитайте большеMonth: August 2024
ХАМАСтын лидерин акыркы сапарга узатуу зыйнатына Катардын жетекчилиги жана чет өлкөлүк расмий адамдар катышты
Палестиналык ХАМАС кыймылынын Саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханиянын сөөгү 2-августта Катардын борбору Доханын түндүгүндөгү Лусаил шаарындагы көрүстөнгө коюлду. Маркумду жерге берүү аземине расмий өкүлдөр, Катардын королдук үй-бүлө мүчөлөрү анын ичинде Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад ал-Тани жана Ханиянын өз үй-бүлө мүчөлөрү катышты. Коштошуу зыйнатына катышуу үчүн Катарга Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф жана Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан, ХАМАСтын чет өлкөдөгү бардык жетекчилиги келген. Анын ичинде кыймылдын Саясий бюросунун башчысынын милдетин аткаруучу деп аталган Халед Машал да бар. 1 of 9…
Прочитайте большеБакыт Төрөбаев: Кыргызстан деңизге чыга албаган өлкө катары Ирандын деңиз портторун пайдаланууга кызыкдар
Министрлер Кабинетинин төраганын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ирандын Тегеран шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Жол жана шаарды өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Деңиз порттору жана кемечилик уюмунун жетекчиси, ошондой эле Деңиз өнөр жайынын Жогорку Кеңешинин төрагасы менен жолукту. Министрлер кабинети 31-июлда тараткан маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы транзиттик-транспорттук кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле Ирандын деңиз портторунун аймагында соода-логистикалык борборун түзүү маселелери талкууланды. “Кыргызстан деңизге чыга албаган өлкө…
Прочитайте большеИрандын мурдагы ТИМ башчысы стратегиялык маселелер боюнча вице-президент болуп дайындалды
Ирандын мурдагы тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф жаңы шайланган президент Масуд Пезешкяндын жарлыгы менен ислам республикасынын стратегиялык маселелер боюнча вице-президенти болуп дайындалды. Пезешкяндын тиешелүү жарлыгын анын администрациясы жарыялады. “Мохаммад Жавад Зариф президенттин стратегиялык орун басары болуп дайындалсын”, — деп айтылат жарлыкта. Мохаммад Жавад Зариф 2013-2021-жылдары Ирандын тышкы иштер министри болуп иштеген. Пезешкяндын шайлоо өнөктүгү учурунда Зариф анын негизги колдоочуларынын бири болгон жана тышкы саясат боюнча кеңешчиси болгон. Пезешкяндын жеңишинен кийин экс-министр жаңы өкмөттү түзүү боюнча консультативдик комитетти жетектеген….
Прочитайте большеКим Чен Ын бийликти кызына өткөрүп берүүгө даярданып жатат – ЖМК
Түштүк Кореянын чалгын кызматы КЭДР лидери өзүнүн кызы Ким Чжу Эни мураскер кылып даярдай баштады деп эсептейт. Жаш курагына (болжол менен 11 жашта) карабастан, ал атасын бардык маанилүү иш-чараларда, анын ичинде ракета сыноолорунда коштоп жүрөт. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын кызы Ким Чжу Э атасынын мураскери катары карала баштады, деп билдирет Bloomberg жана Yonhap Түштүк Кореянын Улуттук чалгындоо кызматынын (УЧК) маалыматына таянып. 29-июлда NDC жабык жыйында парламенттин чалгындоо комитетине Түндүк Кореядагы кырдаал боюнча отчет берди. Андан соң эки…
Прочитайте большеИран ХАМАСтын лидеринин өлүмү үчүн Израилден өч алабы? Эксперттер эмне дейт
Батыш маалымат каражаттары жакынкы убакта Иран Израилдин ири шаарларына жүздөгөн ракеталарды жана учкучсуз учактарды учурушу мүмкүн экенин жазышууда. Бул ХАМАСтын Саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханиянын өлтүрүлүшүнө жооп болмокчу. Эксперттер Тель-Авив Жакынкы Чыгышта чоң согушту тутандырууга аракет кыларын жокко чыгарышпайт. Хания жана анын жансакчысы 31-июлга караган түнү Тегеранда резиденциясында өлтүрүлдү. Ал Иранга президент Масуд Пезешкяндын инаугурациясына катышуу үчүн келген. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 1-августта Ирандын баш калаасы Тегеранда өттү. Коштошуу иш-чарасына расмий бийликтин өкүлдөрү, анын…
Прочитайте больше