Иран “Chamran-1” деп аталган изилдөө спутнигин орбитага чыгарды, анын негизги милдети орбиталык маневр технологиясын сыноо болуп саналат. Бул тууралуу Ислам революциясынын сакчылар корпусунун расмий сайтында айтылат. “Бүгүн эртең менен “Chamran-1” изилдөө спутниги “Qaem-100″ ракета алып жүрүүчүсү аркылуу космоско учурулду жана 550 километр бийиктиктеги орбитага ийгиликтүү чыгарылды”, — деп айтылат жарыяланган билдирүүдө. Маалыматка караганда, “Chamran-1” Жерге алгачкы сигналдарды жиберди. Спутниктин негизги милдети орбиталык маневр жасоонун технологиясын текшерүү учун программалык жана аппараттык каражаттарды сыноо болуп саналат. Qaem-100…
Прочитайте большеDay: September 16, 2024
Хуситтер Израилге ракета менен сокку урду
Жекшемби күнү эртең менен Израилдин борбордук бөлүгүндөгү көптөгөн шаарларда аба чабуулунун сиреналары жаңырып, көп өтпөй Израиль армиясы Йеменден атылган «жер-жер» үлгүсүндөгү ракета Модиин шаарына жакын жерде кулаганын жарыялады. Израилдин Коргоо армиясы кийинчерээк алгачкы иликтөөлөр ракета абада сыныктарга бөлүнүп жарылганын көрсөткөнүн билдирди. Ракета калк жашаган жерге түшкөн, бирок андан жабыркагандар болгон жок. Йемендик “Ансар Аллах” кыймылы (хуситтер) сокку Тель-Авивдин жанындагы Яффа шаарындагы аскерий объектиге жасалганын жарыялаган. Кыймылдын маалымат боюнча соккудан эки миллиондой израилдик бомбадан баш калкалоочу…
Прочитайте большеИрандын президенти Россияда өтө турган БРИКСтин саммитине катышат
Ирандын президенти Масуд Пезешкян Россиянын Казань шаарында өтө турган БРИКСтин саммитине катышат. Муну Ирандын Россия Федерациясындагы элчиси Казем Жалали БРИКСтин медиа саммитинин алкагында ырастады. «Иран Ислам Республикасынын Президенти Пезешкян мырза, Казань саммитине катышат», – деди ал Песковдун сөзүнө комментарий берип жатып. Буга чейин Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун Москва “дипломатиялык каналдар аркылуу” Иран президентинин саммитке катышуусун ырастоосун күтүп жатканын билдирген. БРИКСтин медиасаммити 13-сентябрдан 17-сентябрга чейин Москвада өтүп жатат, ага дүйнөнүн 45 өлкөсүнөн 60тан ашык маалымат каражаттарынын жетекчилери…
Прочитайте больше