Ирандын президенти Россияда өтө турган БРИКСтин саммитине катышат

Ирандын президенти Масуд Пезешкян Россиянын Казань шаарында өтө турган БРИКСтин саммитине катышат.

Муну Ирандын Россия Федерациясындагы элчиси Казем Жалали БРИКСтин медиа саммитинин алкагында ырастады.

«Иран Ислам Республикасынын Президенти Пезешкян мырза, Казань саммитине катышат», – деди ал Песковдун сөзүнө комментарий берип жатып. 

Буга чейин Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун Москва “дипломатиялык каналдар аркылуу” Иран президентинин саммитке катышуусун ырастоосун күтүп жатканын билдирген.

БРИКСтин медиасаммити 13-сентябрдан 17-сентябрга чейин Москвада өтүп жатат, ага дүйнөнүн 45 өлкөсүнөн 60тан ашык маалымат каражаттарынын жетекчилери жана алдыңкы адистери катышууда. Медиасаммит БРИКСтин медиа форумунун жаңы форматы – бирикмеге мүчө мамлекеттердин алдыңкы ЖМКларынын диалогу үчүн бейөкмөт, коммерциялык эмес аянтча катары биринчи жолу өтүп жатат.

БРИКСтин саммити Казанда 22-октябрдан 24-октябрга чейин өтөт.

Октябрдын аягында БРИКСтин саммити учурунда Казанга 20 миңдей адам келери күтүлүп жатканын буга чейин шаардын мэриясынын басма сөз кызматы билдирген.

Ага мамлекет башчылары менен делегациялардан тышкары журналисттердин, техникалык кызматкерлердин, укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен ыктыярчылардын келиши күтүлүүдө.

БРИКС 2006-жылы Орусия, Бразилия, Индия жана Кытайдын аракети менен түзүлгөн. Биримдикке 2011-жылы Түштүк Африка Республикасы, 2024-жылы Иран, Египет, Бириккен Араб Эмираттары, Эфиопия жана Сауд Арабиясы кошулган. Бир катар өлкөлөр БРИКСте байкоочу статусуна ээ.

Комментарий жиберүү