Тажикстан аскердик бюджетин 92 млн долларга көбөйтүүнү пландоодо

Тажик бийлиги 2025-жылга карата мамлекеттик бюджетке коргонуу, укук коргоо органдарын жана сотторду каржылоого 4,7 миллиард сомони (446 миллион доллар) бөлүүнү пландоодо.

Бул сумма бекитилсе, бюджетинин чыгаша бөлүгү 2024-жылга караганда 972,4 миллион сомониге (92 миллион доллар) көп болот.

Каржы министрлигинин документинде 2025-жылы Тажикстандын армияга жана укук коргоо органдарына жумшаган чыгымы ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 2,8 пайызын түзөрүн көрсөткөн.

2024-жылы Тажикстандын бул максаттарга жумшаган чыгымы өлкөнүн ИДӨсүнүн 2,6 пайызын же 3,7 миллиард сомонини (354 миллион доллар) түзгөн.

Комментарий жиберүү