Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Израилдин Ливандагы террордук аракеттерин айыптоо менен бирге, эл аралык уюмдарды бул жааттагы милдеттерин аткарууга чакырды. Пезешкиан бүгүн X соцтармактагы баракчасына “Биз Ливанга тилектешпиз” деген хештег менен мындай деген билдирүү калтырды: “Террордук режимдин жай тургундар менен башкаларды бөлбөстөн байланыш каражаттарын жардыруу менен ишке ашырган чыккынчы массалык террорунун натыйжасында миңдеген ливандык жарандардын каза болушу жана жарадар болгондугуна байланыштуу Ливандын элине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Кылмышкер сөзсүз адилеттүү жазасын алат. Иран Ислам Республикасы ливандыктарды бутага…
Прочитайте большеDay: September 19, 2024
Түштүк Кореянын президенти КЭДР менен Орусияны коркутту
Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл Түндүк Корея менен Орусиянын аракеттери өз өлкөсүнө коркунуч жаратса, Сеул үчүн олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн деп эскертти. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди. Агенттик белгилегендей, Москва менен Пхеньяндын кызматташтыгы жана Украинага курал-жарак жеткирүү мүмкүнчүлүгү боюнча комментарий берип жатып, Түштүк Кореянын лидери «Түндүк Корея менен Орусия Түштүк Кореянын коопсуздугуна коркунуч туудурса, кесепеттерге дуушар болушат»,- деп билдирди. «Биздин жарандардын коопсуздугуна жана өмүрүнө коркунуч туудурган эч кандай аракеттерге жол берилбейт», – деп кошумчалады президент…
Прочитайте большеИран Ливандагы элчисине кол салуу болгондугуна байланыштуу чара көрөт
Тегеран Израилдин Ливандагы акыркы террордук чабуулу учурунда өзүнүн элчиси Можтаба Аманиге кол салууга байланыштуу чара көрөт. Бул тууралуу Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Амир Саид Ираванинин Коопсуздук Кеңешине, БУУнун баш катчысына жана 79-Башкы Ассамблеянын төрагасына жолдогон катында айтылат. «Иран Ислам Республикасы Ливандагы элчисине кол салуу болуп, анын жарадар болушуна байланыштуу тиешелүү чараларды көрөт жана мындац жийиркеничтүү кылмышка жана мыйзамдардын бузулушуна жооп кайтаруу үчүн зарыл чараларды көрүү үчүн эл аралык укукка негизделген укуктарын өзүнө калтырат”, – деп айтылат катта….
Прочитайте большеАКШ Конгресси Израилди сынга алды
Израиль Ливан боюнча бир катар жардырууларды жасап, эл аралык гуманитардык мыйзамды бузду. Бул аракеттер “Хезболла” кыймылына каршы багытталган. Caliber.Az маалымдагандай, бул тууралуу АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Александрия Окасио-Кортес өзүнүн X (мурдагы Twitter) социалдык тармагындагы аккаунтунда билдирди. “Израилдин бул чабуулу ачык жана так эл аралык гуманитардык укукту бузган жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы кеңири жаңжалды болтурбоо аракеттерине шек келтирет”, – деп сындады конгрессмен. Окасио-Кортес “Конгресске Ливандагы жардыруулар боюнча толук отчет керек”,- деп баса белгиледи, анын ичинде Мамлекеттик департаменттин…
Прочитайте больше