Орусия Федерациясынын мурдагы вице-премьер-министри Сергей Шахрайдын айтымында, БУУ жана Дүйнөлүк соода уюму сыяктуу негизги эл аралык институттар терең кризисте. Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ) жаңы эл аралык тартип боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого жана ага катышууга тийиш. Мындай пикирин Шанхай саясий-укуктук академиясында өтүп жаткан ШКУнун аналитикалык борборлорунун форумунда сүйлөгөн Орусия Федерациясынын мурдагы вице-премьер-министри Сергей Шахрай билдирди. «Бүгүнкү күндө БУУ, Дүйнөлүк Соода Уюму сыяктуу негизги эл аралык институттар эң терең кризисте экенин баарыбыз көрүп турабыз», – деди ал, БУУ менен ДСУнун…
Прочитайте большеDay: September 28, 2024
“Хезболланын” лидери Хасан Насралла каза болду
Ливандык “Хезболла” кыймылынын лидери Хасан Насралла Израилдин абадан жасаган соккусунан каза тапты. Бул тууралуу ирандык маалымат каражаттары жазды. Насралла 27-сентябрь кечинде Израилдин аба күчтөрүнүн «Хезболланын» Бейруттагы башкы штабына сокку урганда өлтүрүлгөн. “Хезболла” кыймылы Хасан Насрулланын өлүмүн расмий тастыктады. “Хезболланын” баш катчысы Сейид Хасан Насрулла отуз жылдан ашуун убакыттан бери өзү жетектеген шейиттерге кошулду”, – деп айтылган уюмдун маалымат кызматы тараткан билдирүүдө. Күн мурун кечинде Бейрутта онго жакын жардыруу болгон. Израилдик күчтөр Бейруттун Дахия районундагы турак үйлөрдүн жанында…
Прочитайте больше“Хезболла” “Моссаддын” Тель-Авивдеги штаб-квартирасына Кадер-1 ракетасы менен сокку урду
Ливандын “Хезболла” кыймылы Израилдин чалгындоо кызматы “Моссаддын” Тель-Авивдин чет жакасындагы штаб-квартирасына “Кадер-1” баллистикалык ракетасын колдонуу менен талкаланганын жарыялады. Бул тууралуу IRNA агенттиги билдирди. “Ливандагы исламдык каршылык кыймылы өлкөнү жана анын элин коргоо үчүн бүгүн шаршемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 6:30да Кадер-1 баллистикалык ракетасы менен Тель-Авивдин четиндеги Моссаддын чалгындоо штабына чабуул жасады” – деп айтылат билдирүүдө. «Бута “Хезболланын” командирлеринин өлтүрүлүшүнө жана пейжерлердин жана зымсыз байланыш түзүлүштөрүнүн жардырылышына жооп болду», – деп айтылат маалыматта. Бул…
Прочитайте больше“Биз кетпейбиз” – БУУнун Башкы ассамблеясынын трибунасынан Махмуд Аббас Израилдин Газа тилкесиндеги аракеттерин айыптады
Палестинанын президенти Махмуд Аббас бейшемби күнү Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясында дүйнө лидерлерине кайрылып, Палестина эли өз мекенин, ата-бабаларынын жерин таштабай турганын баса белгиледи. Ал Израилди Газа тилкесиндеги согуш үчүн айыптап, эл аралык коомчулукту “геноцидди” токтотууга чакырды, ошондой эле согуштан кийинки анклавды түзүү боюнча өзүнүн планын сунуштады, деп билдирет Kazinform агенттигинин өз кабарчысы. Аббас Газа тилкесиндеги согушту токтотууга чакырды Махмуд Аббас трибунага чыгып, БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүн «Биз кетпейбиз» деген сөздү үч жолу кайталоо менен баштады. Ал…
Прочитайте большеЖардыргыч заттар “Хезболла” колдонгон пейжерлерге орнотулган – CNN
17-сентябрда жарылган “Хезболла” пейжерлеринин литий батареяларына жардыргыч заттар салынган. Бул тууралуу CNN өз булактарына таянып билдирди. Ливандык булактардын бири жардыргыч заттар ушунчалык татаал жол менен катылгандыктан, алар байкалбай турганын айтты. Башка жогорку даражалуу коопсуздук булагы CNN телеканалына билдиргендей, ал мина орнотулган пейжерлердин бирин текшерип, ал көзөмөлдөнгөн түрдө жардырылып жатканда ошол жерде болгон. Анын айтымында, жардыргыч зат аппараттын литий аккумуляторуна бириктирилип, дээрлик көрүнбөй калган. Ал ошондой эле буга чейин мындай нерсеге жолукпаганын белгиледи. Колдон жасалган жардыргыч…
Прочитайте больше