Бишкек шаарында KFC тамактануучу жайларынын биринде ызы-чуу чыгарган адамдардын тобу кармалып, аларга кылмыш иши козголду. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, окуя 18-19-октябрь күндөрү болгон. Азиат улутундагы белгисиз адамдар Бишкек шаарында жайгашкан соода борборлорунун тамактануучу жайларында коомдук жайда өзүн алып жүрүү эрежелерин одоно бузушуп, “Бойкот” деген сөздөр жазылган плакаттарды көтөрүп, күзөт кызматкерлеринин талаптарына баш ийбестен, коомдук жайга бүлүк салып, коомчулукка жат көрүнгөн аракеттерин жазашып, интернет тармактарында өздөрүнүн аккаунттарына жарыялашкан. Видеоплеер 00:00 00:43 ИИМ жарыялаган…
Прочитайте большеDay: October 22, 2024
Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Ооганстандын ишкерлери Ирандагы эки эл аралык көргөзмөгө катышат
Ирандын Мешхед шаарында өлкөнүн эркин жана атайын экономикалык аймактарынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнүн жана экспорттук потенциалынын 8-көргөзмөсү жана Борбор Азия өлкөлөрүнө жана Ооганстанга экспорттун эл аралык көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Иран Ислам Республикасынын Хорасан Резави провинциясынын экономикалык иштер боюнча координаторунун орун басары Хасан Нуризаде билдирди. Анын айтымында, бул эки эл аралык көргөзмө 22-октябрдан тарта Мешхеддеги эл аралык көргөзмөлөрдүн туруктуу ордунда төрт күн бою өткөрүлөт. Нуризаде белгилегендей, бул эки көргөзмөгө коңшу жана Борбор Азиядан 10го жакын өлкөнүн ишкерлери…
Прочитайте большеАраб өлкөлөр лигасы чукул жыйын өткөрөт
Араб мамлекеттеринин лигасы бүгүн Израилдин Газадагы Палестина элине каршы геноциди маселеси боюнча туруктуу өкүлдөр деңгээлинде чукул жыйын өткөрөт. Anadolu агенттигинин маалыматына ылайык, Араб Лигасынын билдирүүсүндө туруктуу өкүлдөрдүн бүгүн Египеттин борбор шаары Каирде чогулуп, Газада Палестина элине каршы жасалып жаткан геноцид жана мажбурлап көчүрүүнү токтотуу үчүн эл аралык деңгээлде жана араб мамлекеттеринин деңгээлинде мүмкүн болгон чараларды талкуулоо үчүн чогула турганы белгиленди. Палестинанын Араб Лигасындагы туруктуу өкүлү Муханнад аль-Аклук мурдараак Израилдин палестиналыктарга каршы кылмыштарын талкуулоо үчүн жолугушууга…
Прочитайте большеИрандын жогорку лидери: ХАМАС тирүү жана жашай берет
Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи Израилдин чабуулунда шейит болгон ХАМАСтын Саясий бюросунун жетекчиси Яхья Синвардын өлүмү “Каршылык огун” токтотпой турганын айтты. “ХАМАС тирүү жана жашай берет”, – деп Хаменеи мусулман элдерине жана аймактагы эр жүрөк жаштарга кайрылып жатып билдиргенин анын khamenei.ir расмий сайты жазды. Ирандын Жогорку лидери бүт өмүрүн баскынчы душманга жана эзүүчүгө каршы күрөшкө арнап өткөн Яхья Синвардын жасаган иштерин жогору баалады. “Мужахид-баатыр колбашчы Яхья Синвар өзүнүн шейит шериктерине кошулду. Ал Каршылык көрсөтүүнүн жана Жихаддын эң мыкты…
Прочитайте больше