Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израиль Бейруттагы ооруканага кол салганын билдирди

Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израиль Бейруттагы ооруканага кол салганын билдирди

Израилдин аба күчтөрүнүн Бейруттун түштүгүндөгү эң ири ооруканага жасаган соккусунан кеминде 18 киши каза таап, 50дөн ашууну жараат алды, алардын көбү балдар, деп билдирди Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги. Израиль армиясы бута “Хезболланын” аймактагы объекти болгонун билдирди. Дүйшөмбү күнү “Хезболла” Израилди көздөй ракета атууну улантты, алардын көбү кармалып, калгандары ачык аймактарга зыянсыз кулап түшкөн. Шейшембиде уюм согуштук аракеттер уланып жаткан учурда Израиль менен сүйлөшүүгө барбай турганын жана туткунга түшкөн согушкерлеринин өмүрү жана ден соолугу үчүн Израилди…

Прочитайте больше

“Хезболла” Израилдин аскердик базасына чабуул жасады

“Хезболла” Израилдин аскердик базасына чабуул жасады

Ливандын “Хезболла” кыймылы Тель-Авивдин чет жакаларында жайгашкан Израилдин аскердик чалгындоо кызматынын Глилот базасына ракеталык чабуул жасады. Caliber.Az кыймылдын басма сөз кызматына таянуу менен билдиргендей, чабуул жогорку тактыктагы ракеталар менен жасалган. Израил тарап бул чабуулдардын натыйжасында эч кандай аскердик объектилерге зыян келтирилгени азырынча тастыктала электигин, бирок турак жайларга зыян келтирилгенин айтууда. Ливан кыймылынын дагы бир билдирүүсүнө караганда, 23-октябрга караган түнү “Хезболла” Ливан-Израиль чек арасындагы Мискафан конушунда Израиль армиясынын чогулган жерине да ракеталык чабуул жасаган.

Прочитайте больше

Ирандын ТИМ башчысы Кувейттин мураскер ханзаадасы менен аймактагы кырдаалды талкуулады

Ирандын ТИМ башчысы Кувейттин мураскер ханзаадасы менен аймактагы кырдаалды талкуулады

Бахрейн жана Кувейттин жогорку даражалуу өкүлдөрү менен консультацияларды өткөрүү үчүн Перс булуңунун түштүгүнө сапары менен барган Ирандын тышкы иштер министри Сейед Аббас Арагчи кечээ, 22-октябрда Кувейттин мураскор ханзаадасы жана тышкы иштер министри менен жолугушууларды өткөрдү. Ирандын тышкы иштер министри Кувейтке келгенге чейин чөлкөмдүн бир катар өлкөлөрүндө болгон. Атап айтканда, Аракчи Ливан, Сирия, Сауд Аравия, Катар, Ирак, Оман, Иордания, Түркияга жана Бахрейнге барган. Бул сапарлар Газа жана Ливандагы учурдагы кырдаалды талкуулоо максатын көздөйт. Аракчини кабыл алган Кувейттин мураскер…

Прочитайте больше