Ирандын ТИМ башчысы Кувейттин мураскер ханзаадасы менен аймактагы кырдаалды талкуулады

Бахрейн жана Кувейттин жогорку даражалуу өкүлдөрү менен консультацияларды өткөрүү үчүн Перс булуңунун түштүгүнө сапары менен барган Ирандын тышкы иштер министри Сейед Аббас Арагчи кечээ, 22-октябрда Кувейттин мураскор ханзаадасы жана тышкы иштер министри менен жолугушууларды өткөрдү.

Ирандын тышкы иштер министри Кувейтке келгенге чейин чөлкөмдүн бир катар өлкөлөрүндө болгон. Атап айтканда, Аракчи Ливан, Сирия, Сауд Аравия, Катар, Ирак, Оман, Иордания, Түркияга жана Бахрейнге барган. Бул сапарлар Газа жана Ливандагы учурдагы кырдаалды талкуулоо максатын көздөйт.

Аракчини кабыл алган Кувейттин мураскер ханзаадасы шейх Сабах аль-Халид ас-Сабах Иран менен Кувейттин эки элинин ортосундагы жакшы коңшулаштык жана бир туугандык мамилелерди сактоо жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Бул жолугушууга Кувейттин Тышкы иштер министри Абдулла Али аль-Яхья да катышты.

Ал ошондой эле аймактагы согушту токтотуу, качкындарга жардам берүү жана эскалациянын күчөшүнө жол бербөө үчүн аймактагы өлкөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялоого чакырып, Кувейт бул жаатта кызматташууга жана координациялоого даяр экенин билдирди.

Кувейттин мураскор ханзаадасы ошондой эле өлкөсү кургактан, деңиз же абадан өз аймагын кошуна өлкөлөргө зыян келтирүү үчүн ар кандай кыянаттык менен пайдаланууга жол бербей турганын белгиледи.

Анын айтымында, Кувейт аймактагы ар кандай кооптуулукту жана чыңалууну аймактын бардык өлкөлөрүнө жана элдерине зыян деп эсептейт жана мындай абалга жол бербөө үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонот.

Ирандын ТИМ башчысы өз кезегинде Ислам Республикасынын аймактагы акыркы кырдаалга карата көз карашын түшүндүрүп жатып, аймактын коопсуздугун жана стабилдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн жакшы коңшулаштык жана биргелешкен кызматташуу саясатын Иран Ислам Республикасынын тышкы саясатынын туруктуу принциптеринин бири деп белгиледи.

Аракчи Ливан жана Сириядан башталган акыркы эки жумадагы аймак өлкөлөрүнө жасаган сапарына менен консультацияларына токтолуп, баскынчы Израиль режиминин Газа жана Ливандагы агрессиясын жана кылмыштарын улантып жатканын абдан кооптуу деп сыпаттап, геноцидди дароо токтотуу жана Ливан менен Газадагы маанилүү инфраструктуралардын талкаланышына жол бербөө үчүн бардык өлкөлөрдөн, өзгөчө ислам өлкөлөрүнөн көбүрөөк аракеттерди көрүүгө чакырды.

Ал АКШ жана башка бир катар батыш өлкөлөрүнүн ар тараптуу колдоосунун аркасы менен Израиль режими жазасыз калып жатканын катуу сынга алып, Израилдин режиминин башчыларын жазалоо үчүн аймактагы мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн жана эл аралык уюмдар менен институттарды, анын ичинде Ислам Кызматташтык Уюмун, Эл аралык сот жана Эл аралык кылмыш сотун жана башка эл аралык органдарды колдонуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Кувейттин Тышкы иштер министри Абдулла Али аль-Яхья өз кезегинде Иран Ислам Республикасынын аймактык тынчтык жана коопсуздукту сактоо үчүн жасаган аракетине ыраазычылык билдирип, Кувейт аймактык жана эл аралык тараптар менен тыгыз кеңешип, жер которгондорго жардамды көбөйтүү жана Газа менен Ливандагы согушту жана кан төгүүнү токтотууга аракет кыларын белгиледи.

Жолугушуулардан кийин Аракчи маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

“Аймак өлкөлөрү биргелешкен аракеттер менен аймактагы катастрофанын алдын ала алышат”, – деп билдирди ал.

Аракчи Ирандын Израилдин аскердик жана коопсуздук объектилерине ракеталык чабуулу коргонуу аракети жана режимдин чабуулдарына жооп болгонун белгиледи.

Ал Израилдин коркутууларына байланыштуу аймактагы бардык өлкөлөр Иранга каршы ар кандай чабуулга каршы экендиктерин айтышканын белгиледи.

Комментарий жиберүү