Украина менен Россия туткундарды алмашты

Украинанын Коргоо министрлигинин чалгын башкармалыгынын жетекчиси Россия менен туткундарды алмашуу болгонун билдирди.

Маалыматка караганда, туткунга түшкөн 15 орус жоокери 16 украин аскер кызматкери менен бир карапайым жаранга алмаштырылган. Алардын ичинен 14ү жоокер, экөө офицер болгон.

“Украинская правда” басылмасы билдиргендей, туткунга түшкөндөрдү арасында деңизчилер менен десанттар бар. Алар эки ай мурун колго түшүшкөн. Аскерлердин бешөө алмашууга чейин орус ооруканаларында болгон, дагы бешөөнүн жаракаты оор жана тезинен дарылоого муктаж.

Алмашуу Херсон жана Николаев облустарынын чек арасында жүргөн. Бул аймак учурда орус армиясынын көзөмөлүндө.

Россиянын Коргоо министрлиги алмашуу жөнүндө комментарий бере элек.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *