Россия Ирандын ШКУжана БРИКС менен жакындашуусуна кызыкдар

Россия Ирандын Шанхай Кызматташтык Уюму жана БРИКС сыяктуу интеграциялык долбоорлор менен мындан аркы жакындашуусуна кызыкдар.

Бул тууралуу 29-июнда Россиянын Федерация кеңешинин вице-спикери Константин Косачев Ирандын ички иштер боюнча комиссиясынын жана Ислам кеңешинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Мохаммед Салех Жокар менен жолугушуусунда билдирди.

“Биз Ирандын Россия катышкан интеграциялык бирикмелерге активдүү катышууга кызыкдар экенин көрүп жатабыз. Биздин көз карашыбызда, бул жерде эң келечектүү нерсе – Ирандын ШКУ менен мындан ары жакындашуусу”, – деди Косачев.

“Иран БРИКС мамлекеттер тобу менен жакындашууга кызыкдар экенин билебиз. Мындай учурларда консенсус, интеграциялык түзүмдөрдүн бардык катышуучуларынын макулдугу талап кылынары түшүнүктүү. Биз Ирандын бул түзүмдөр менен жакындашуусун улантуусуна кызыкдарбыз”, – деп белгиледи ал.

Ушул аптанын башында Иран менен Аргентина Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка кирген БРИКСке мүчө болуу үчүн арыз беришкен. 

Москва уюмду кеңейтүүгө каршы эместигин, бирок адегенде талапкерлерге коюлган тартипти жана талаптарды чечүү керектигин түшүндүргөн. Акыркы жолу уюмга – Түштүк Африка Республикасы он бир жыл мурун кабыл алынган.

Эксперттер келечекте БРИКСке катышуучу өлкөлөрдүн саны дагы онго көбөйүшү мүмкүн деп эсептешет.

“Ак үй дүйнөдө дагы эмнени өчүрүүнү, тыюу салууну жана бузууну ойлонуп жатканда, Аргентина менен Иран БРИКСке кирүүгө арыз беришти”, – деп жазды Россиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Telegram-каналына.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Саид Хатибзаде уюм абдан чыгармачыл механизмге негизделгенин белгилеп, Тегерандын ага кошулуусу баарына “кошумча артыкчылык алып келет” деген үмүтүн билдирди.

Эске салсак, 2021-жылдын 17-сентярында Душанбеде өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитинин катышуучулары Иранды уюмга кабыл алуу процессин баштоону камтыган документти жактырышкан.

Тегеран ШКУда байкоочу статусун 2005-жылы алган. Үч жылдан кийин 2008-жылы толук кандуу мүчөлүккө арыз берген. Бирок БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкциялары бар болгондуктан 2015-жылга чейин аны мүчө кылып кабыл алуу мүмкүн болгон эмес.

Комментарий жиберүү