Жапаров Эрдоган менен болгон жолугушуусу

Жапаров Эрдоган менен болгон жолугушуусунда ТажикстанКыргызстандынаймагыначыккынчылыкмененколсалганынайтты

Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.

Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кыргыз-түрк кызматташтыгынын учурдагы абалы менен келечегин жана өз ара аракеттенүүнүн башка актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы соңку каргашалуу окуяларга байланыштуу пикир алмашышты.

Жапаров тажик тарап Кыргызстандын чек арасына аскерлерин алдын ала алып чыгып, куралдуу күчтөрүн жана оор аскердик техникасын колдонуу менен Кыргызстандын аймагындагы чек ара жана жарандык объектилерге, калктуу конуштарга чыккынчылык менен кол салганын баса белгиледи. Ошол эле учурда ал күжүрмөн аракеттер кыргыз аймагында болгонун баса белгиледи.

Садыр Жапаров тажик тараптан түзүлгөн кырдаал карапайым калк арасында, аскер кызматкерлеринин арасында орду толгус жоготууларга алып келгенине, аскердик жана жарандык инфратүзүмгө олуттуу зыян келтиргенине көңүл бурду.

Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровго адамдар курман болгонуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Өлкө лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча активдүү кызматташууну улантууну макулдашышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *