Садыр Жапаров Антониу Гутерриш менен кыргыз-тажик чекарасындагы кырдаалды талкуулады

Гутерриш кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалга токтолуп, Садыр Жапаровго адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Баш катчы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселесинин чечилишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирди.

Садыр Жапаров өз кезегинде БУУнун алкагында кызматташуунун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
 

Мамлекет башчы Кыргызстандын БУУга мүчө болгонуна 30 жыл болгонун, бул аралыкта Кыргызстандын демилгеси менен көтөрүлгөн маселелер Башкы Ассамблеянын эл аралык күн тартибинин эң актуалдуу маселелерине айланганын белгиледи.

Ал Кыргызстан БУУнун алдында жоопкерчиликтүү мүчө катары, өзүнө алган милдеттерин жана Уюмдун Уставын жактай турганын айтты.

Садыр Жапаров бул жолугушуу кыргыз-тажик чек арасындагы негизсиз агрессиянын фонунда өтүп жатканына өкүнүчүн билдирди.

Ал 14-, 15- жана 16-сентябрда мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуп тажик тарап кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге кол салганын эске салды.

Садыр Жапаров Кыргызстан Башкы катчынын Кыргызстанга өзгөчө көңүл бөлүүсүн жана көрсөтүп жаткан колдоосун жогору баалай турганын белгилеп, өлкөгө берген жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Президент Садыр Жапаров кечээ, 20-сентябрда, Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп, дүйнө коомчулугунун назарын кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга бурду.

Комментарий жиберүү