Иран Натанздагы окуядан кантип өч алат?

Израиль: Натанздагы өзөктүк заводдогу аварияны АКШ координациялаган.

16-апрель, 2021-жыл, /Eurasia Today/. Израилдик изилдөөчү Натанз өзөктүк заводдогу авария АКШ менен толук макулдашылган шартта болгонун белгиледи.

Сионисттик режимдин Рейган-Садат изилдөө фондунун изилдөөчүсү Коэн, “аль-Аалам” телеканалына берген маегинде мындай деди: “АКШ Натанз окуясы жөнүндө алдын ала билгени боюнча так маалыматтар бар.”

“Кытай менен Ирандын ортосундагы 25 жылдык келишимге кол коюлуусу Америка Кошмо Штаттары үчүн чоң сокку болду, Байден өкмөтү Иранга аябай капа болуп, ал тургай ачууланып жатат, ошол себептен ушул аракеттер көрүлдү”, -деп кошумчалады Коэн.

Ал эми, Ирандын президенти Хасан Рухани Тегеран, Натанз өзөктүк заводундагы диверсияга жооп катары уранды байытуунун деңгээлин жогорулатууну жана заманбап центрифугаларды орнотууну чечти – деп билдирген.

“Бүгүнкү күндө биз уранды 90%га чейин байыта алабыз”, – деп жарыялады Ирандын лидери.

Ал ошондой эле өз сөзүндө, “Кантсе да Тегеран өзөктүк бомба жасоону көздөбөйт”,- деп баса белгиледи. Иран президенти уранды байытуу тынчтык максатында жана МАГАТЭнин көзөмөлү астында жүргүзүлөрүн баса белгиледи.

Бирок, Ирандын бул кадам өзөктүк программаларды токтотууга болгон тышкы аракеттерге карата өч алуу болгондой.

Албетте, Иран, эгерде өзөктүк келишим тараптары Ирандан бардык санкцияларды толук бойдон алып салса, мурдагы шартка жараша уранды байытуу  3,67%дан ашпай тургандыгына ынандырышкан.

Мындан мурда Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Арагчи Тегеран уранды 60%га чейин байыта баштаганын билдирген.

Ал, өз өлкөсү 60% уранды медициналык максатта колдонууга ниеттенип жатканын айтты.

“Бул кадам Ирандын “өзөктүк келишим боюнча биргелешкен пландардын” 26 жана 36-жоболорунда каралган укуктарынын чегинде ишке ашырылды жана өлкөнүн медицина жаатындагы бир катар муктаждыктарын канааттандырууга багытталды”, – деди дипломат.

Эске салсак, ушул аптанын башында Тегеран Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттикке уранды 60%га чейин байытуу ниетин билдирген. 60%га чейин байытылган уран молибденди өндүрүүдө колдонулат, бул радио-медициналык препараттарды түзүү үчүн зарыл.

Натанз окуясынана кийин, чет элдик эксперттер Ирандын өзөктүк программасы дээрлик 9 айга токтотулаарын белгилешкен. Ага карабастан, Иран уран байытуу программасын жигердүү ишке ашырууну көздөшүүдө.

Комментарий жиберүү