“11 – сентябрь” окуясынын 20 жылдыгына карата

“11-сентябрь” окуясынын 20 жылдыгына карата АКШ өз аскерлерин Ооганстандан чыгарып кетет.

16-апрель, 2021-жыл, /Eurasia Today/. Америка бийлигинин Ооганстандагы өз аскерлерин 11-сентябрга чейин толук чыгарып кетүү убадаларына карабастан, талибандар Ооганстан тынчтык конференциясына катышуудан баш тартышты. Анын себеби талибандардын АКШга  ишениминин жоктугу болду.

Белгилей кетсек, талибандын өкүлдөрү бардык чет элдик аскерлер өлкөдөн чыгып кетмейинче, Стамбулда өтө турган Ооганстан боюнча конференцияга катышуудан баш тартышты.

Мындай билдирүү АКШнын президенти Жо Байден АКШдагы бир катар террордук актылардын 20 жылдыгына карата, 11-сентябрга чейин Ооганстандан америкалык аскерлерди чыгарып кетүү ниетин билдиргенден кийин жарыяланды.
 

Эске салсак, “Ооганстан тынчтык конференциясы” 24-апрелден 4-майга чейин Стамбулда өтмөкчү. Ага расмий бийлик жана Талибандын өкүлдөрү да катышууга чакырылган. Мындан тышкары, талкууга Орусия, АКШ жана башка 20 өлкө катышат.

Эксперттердин айтымында, АКШ жана Альянстын аскерлери Ооганстанды таштап кетишкен убакта деле өлкөдө абал эч нерсе өзгөрбөйт.

Ошондой эле жарандык согуш жагдайы курч бойдон кала бермекчи. Анткени, талибандар бир эле оогандыктар эмес, айрыкча кошуна Пакистандан да кошулушкан. Андыктан, талибандар өкмөткө Пакистанды жактаган топ келмейинче эч кандай тынчтык келишимге барышпайт.

Комментарий жиберүү