Израилдин Газанын түндүгүнө кол салуусу уланууда

Бул тууралуу бүгүн, шейшемби күнү Палестинанын маалымат каражаттары маалымдашты.
Израилдин согуштук учактары Газа тилкесинин түндүгүндөгү Тел аль-Заатар, Масуд, Аль-Хазандар жана Аль-Тавам аймактарына да ондогон кол салууларды жасашты. Маалымат каражаттары Израилдин согуштук учактарын Газа аймагынын асманында өтө төмөн бийиктикте учуп өткөнүн билдиришти.

Палестинанын ар кайсы шаарларында Палестина элинин каршылык көрсөтүүсүнүн жаңы айлампасы башталды. Израилдин Иерусалимдин оккупацияланган чыгыш бөлүгүндөгү Шейх Жаррах аймагын жок кылуу жана ээлеп алуу аракеттери Палестинада жаңы кагылышууларга алып келди жана курчуган абалдын улантылышынан улам Израилдин аракеттерине каршы глобалдык нааразычылыктар жарыяланууда.

Израиль аскерлеринин 10-майда Газа тилкесине жана палестиналыктарга кол салуусунан 218 палестиналык каза болуп, 1235 адам жаракат алышкан. Палестиналык каршылык көрсөтүү күчтөрү Израилдин Газага болгон агрессиясына жана кол салууларына жооп катары өлкөнүн аймактарында ракеталарды аткан.

Комментарий жиберүү