Катар FIFA күйөрмандарына 1 млн. доза вакцина даярдайт

Катар, 2022- жылдагы Дүйнөлүк чемпионаттын күйөрмандары үчүн коронавируска каршы 1млн. доза вакцина даярдайт.

Катардын премьер-министри жана ички иштер министри Шейх Халед бин Халифа аль-Тани, Катар бийлиги 2022-жылы өтө турган Дүйнөлүк Чемпионат учурунда Эмиратка келүүнү көздөгөн күйөрмандар үчүн 1млн. доза вакцина даярдала турганын билдирди.

“Айрым өлкөлөрдө бардык жарандарга эмдөө жүргүзүлбөй калышы мүмкүн. Катар күйөрмандарга коронавируска каршы толук эмдөөсүз стадиондорго кирүүгө уруксат бербейт, ошондуктан биз учурда компаниялардын бири менен 1 млн. доза вакцина жеткирүү боюнча сүйлөшүп жатабыз”, – деди Катар министри.

Премьер-министрдин айтымында, 2,75 млн. калкы бар Катарда кийинки жумада калктын 72 пайызы эмделет.

Комментарий жиберүү