Иранда коронавирустун жаңы толкуну күч алды; акыркы 24 сааттын ичинде 39 619 адам инфекция жуктуруп, 542 бейтап каза тапты.
Ирандын президенти Сейед Ибрахим Реиси Иранда өндүрүлгөн “Иран Баракат COV” вакцинасын биринчи дозасын алды.
Белгилей кетсек, Иран өзүнүн коронавируска каршы вакцинасын чыгаруусун май айында баштаган.
Ал эми, Иранда коронавирус инфекциясынын жаңы толкуну күч алып, эпидемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүчкө жетти.
Инфекциянын татаалдыгынан каза болгондордун жалпы саны 94,015ке жетти.
Жалпысынан республика боюнча 3,539,035 адам айыкты. Учурда Иранда 15 661 958 адам эмделди, анын ичинен 12 589 587 адамга биринчи вакцина, 3 072 371 – экинчи доза берилген.
Эске салсак, пандемия башталгандан бери Иранда 4,158,729 коронавирус инфекциясы аныкталган.