Токио-2020 олимпиадасынын жыйынтыктары кандай болду?

Токио – 2020 олипиадасын өткөрүүдө 25 млрд.$ каража сарпталган жана бул тарыхта рекорддук көрсөткүч болуп калды.

Белгилей кетсек, жайкы олимпиадалык оюндарга 206 өлкөнүн спортчулары катышып, 93 өлкөнүн жараны медалдарга ээ болушкан. Албетте, олимпиаданын каржысы рекорддук көрсөткүчкө жетип, пандемияга байланыштуу 2, 8 млрд. $ га ашыкча сарпталганы аныкталды.
Буга себеп, чет өлкөлүк күйөрмандарга билеттер сатылбастан, жергиликтүүлөр гана чектелүү түрдө билетке ээ болушкан. Анткени менен Covid – 19дан толук сактанууга мүмкүн болгон эмес. Оюндар учурунда 343 адам, алардын ичинде спортчулар жана башка катышуучулар инфекция жуктуруп алышкан.
Бир четинен олимпиаданы көрүүчүлөр бул ирет 4 миллиарддан ашкан. Жапондуктар түз алып көрсөтүүдөн 1 млрд. $ киреше болоорун божомолдошкон.
Ошондой эле олимпиада учурунда бир да спортчу допинг алгандыгына байланыштуу медалдан айрылган эмес.

Комментарий жиберүү