Ирандын президенти Ибрахим Раиси Иран дүйнөлүк державалар менен 2015-жылкы өзөктүк келишимди узартуу үчүн Батыштын “кысымы” астында эмес, сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр экенин жарыялады.
Иран президенти учурда Тегеран АКШнын санкцияларын алып салуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кошумчалады.
Рейтердин билдирүүсүндө, Франция менен Германия Иранды июндагы президенттик шайлоодон кийин өзөктүк сүйлөшүүлөргө кайтууга үндөшкөн.
Иран өзөктүк программасы боюнча маалымат берип, ал тынчтык максатты көздөй тургандыгын жана алар өз ишмердүүлүгү тууралуу көзөмөл органына маалымат бергенин айткан. Ошондой эле Кошмо Штаттары санкцияларды алып салса, Ирандын 2015-жылкы келишимден чыгуусу жокко чыгарылары да көрсөтүлгөн.
«Батыш саясатчылары жана америкалыктар кысым көрсөтүү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат … Мен буга чейин эле биздин өкмөттүн күн тартиби боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз деп жарыяладым, бирок кысым менен эмес. Бул сүйлөшүүлөрдө биз адилетсиз санкцияларды алып салууга жетишүүгө умтулабыз », – деди Раиси мамлекеттик телеканалдын эфиринде.