Карыздан кутулуу үчүн пайгамбарыбыз (с.а.в) сунуштаган дубалар

Адам башына кыйынчылык түшкөндө өзүн колго алуу менен кудуреттүү Аллахка таянып, дуба кылуу керек. Пайгамбарыбыз ﷺ: «Дуба – момундун куралы, диндин түркүгү жана асман менен жердин нуру», – деди.

Бул макалабызда карыздан кутулуу үчүн кылынган пайгамбарыбыздын ﷺ дубаларын сунуштайбыз.

Абу Ваил (р.а) төмөндөгүчө баяндайт: “Азирети Алиге азат болуу үчүн кожоюнуна төлөм төлөө келишимин түзгөн кул келип: “Төлөмдү төлөй албай калдым, мага жардам бер”, – дейт. Азирети Али: “Сага Аллахтын элчиси ﷺ үйрөткөн дубаны үйрөтөйүнбү? Эгер бул дубаны кылсаң, тоодой карызың болсо да Аллах сага жардам берет. Мындай деп дуба кыл: “Оо, Жараткан Аллах, мага адал нерселерди жетиштүү кыл, арамга кирүүнү оюма да салба. Мага байлык бере көр жана Өзүңдөн башкага муктаж кылба”.

Абу Саид аль-Худри (р.а) мындайча баяндайт: “Аллахтын элчиси ﷺ бир күнү мечитке кирсе, ансардан Абу Умама аттуу бирөө отуруптур. Пайгамбарыбыз ﷺ: “Оо, Абу Умама! Сени намаздан башка убакта мечитте көрүп таң калдым”, – деди. Абу Умама: “Оо, Аллахтын элчиси, кыйынчылыктарым жана карыздарым бар!” – деди. Пайгамбарыбыз ﷺ : “Сага Аллах кыйынчылыктарыңды жоюп, карыздарыңды төлөөдө сага жардам бериши үчүн окула турган келмелерди үйрөтөйүнбү?” – деди. Абу Умама: “Үйрөт, Аллахтын элчиси”, – деп баш ийкеди. Пайгамбарыбыз ﷺ : “Эртели-кеч төмөнкү дубаны оку “Оо, Жараткан Аллах, кыйынчылыктардан, кайгы-капалардан сакта. Алсыздыктан жана жалкоолуктан сакта. Сараңдыктан жана коркоктуктан сакта. Карызга батуудан жана аласасы барлардын каалгамды кагышынан сакта!” – деп үйрөттү.

Абу Умама: “Бул дубаларды окуй баштагандан кийин Алланын жардамы менен кыйынчылыктардан жана карыздардан кутулдум”, – дейт.

Жараткан дубаларыбызды кабыл кылып, мойнубуздагы бардык карыздардан кутулууга жардам берсин

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *