Польша менен Беларусиянын чек арасында эмне болуп жатат?

Беларусиянын чек арасындагы абал курчуп баратат: миңдеген мыйзамсыз иммигранттар КМШдан чыгып, Евробиримдиктин аймагына кирүүгө аракет кылышууда.

Беларусия-Польша чек арасына качкындар дүйшөмбү күнү, 8-ноябрда эртең менен келе баштаган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Европанын чек арасына эки миңден ашуун адам чабуул коюшту. Айрым ЖМКлар ия менен Польшанын чек араларында 5 миңдей мигрант топтолгонун  жазышууда.

Айрым маалыматтар боюнча, чогулган элдин арасында жакында эле Ирактан Беларусияга келген күрттөр көп.

Мигранттар Европанын аймагына мыйзамдуу түрдө өткөрүү пункту аркылуу кирүүгө аракет кылбай, мыйзамсыз түрдө токойдон кирип жатышат.

Польша өз кезегинде чек арага 12 миңге жакын жоокер, ошондой эле техникалын тартты. Беларусия дипломатиялык каналдар аркылуу коңшуларынын аракеттери тууралуу билдирүүлөрдү алган эмес.

Польшанын аскерлери тосмолорду орнотуп, чек аранын белорус тарабында тикенек зымдарды кесип жаткан белгисиз адамдарга каршы калемпир спрейин колдонууда.

Польшанын бийлиги чек арада болуп жаткан окуяны курмандыктарга алып келиши мүмкүн болгон провокация деп атады. Беларусиянын бийлиги мигранттарды мындай кадамга барууга “Польша бийлигинин кайдыгер жана адамгерчиликсиз мамилеси” түрткөнүн айтууда.

Бир нече адамдан турган топ күч менен чек араны кесип өтүүгө аракет кылышты – алар аскерлер тарапка таш, бөтөлкө жана таяктарды ыргытышты.

Польшанын Коргоо министрлиги чек арадагы мыйзамсыз мигранттардын активдүүлүгү  Беларусиянын атайын кызматынын көзөмөлү астында жүргүзүлүп жатканын билдирүүдө.

Акыркы маалыматтар боюнча, польшалык аскерлер абага эскертүү иретинде ок аткан.

Акыркы айларда Жакынкы Чыгыштан, Түштүк Азиядан жана Африкадан келген миңдеген мигранттар Польшага жана Евробиримдикке мүчө Латвия жана Литвага да Беларусия аркылуу мыйзамсыз кирүүгө аракет кылып жатышат.

Комментарий жиберүү