Казакстан Кыргызстан менен Тажикстанга аскердик техника берет

Казакстан Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстан менен Тажикстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтөт.

Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Тиешелүү макулдашууну мажилис депутаттары жактырды.

Билдирүүгө караганда, Казакстан коңшулары Кыргызстан жана Тажикстанга ок-дары жана атайын техника берет.

Казакстандын коргоо министринин орун басары Руслан Шпекбаев пленардык жыйында казак тарап аскердик мүлктү Кыргызстандын Койташ айылына жеткирүүнү өз мойнуна алганын айтып,  аскердик мүлктү башка үчүнчү өлкөлөргө берүү же аны пайдалануу укугун берүүгө болбой труганын билдирди.

Ошондой эле ал Тажикстанга аскердик мүлктөрүн берүү Казакстандын аскердик даярдыгынын жана коргонуу жөндөмдүүлүгүнүн абалына таасирин тийгизбестигин билдирди.

Ал өнөктөш өлкөлөргө аскердик-техникалык жардам көрсөтүү бүтүндөй аймактын коопсуздугу үчүн өтө маанилүү маселе экенин баса белгиледи.
Бул макулдашууну мажилис депутаттары жактырып, документ сенатка жөнөтүлгөн.

Комментарий жиберүү