1-декабрда Иран менен Ооганстандын чек арасында ирандык чек арачылар менен “Талибан” согушкерлеринин ортосунда ок атышуу болуп, артиллерияны колдонуу менен олуттуу кагылышууга чейин жетип, салгылашуу 2-декабрга караган түнү гана аяктаган.
Бул окуя эмнеден кабар берет жана Борбор Азия өлкөлөрү үчүн коркунуч жаратпайбы?
Эки мамлекеттин тең маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, чыр-чатак талиптердин түшүнбөстүгүнөн келип чыккан, алар ирандык дыйкандарды мамлекеттик чек араны кесип өттү деп жаңылыш ойлоп алышкан. Бирок ооган жана ирандык маалымат каражаттарынын чек арада болгон окуяга карата калган пикирлери эки башка. Кабул салгылашуулардын натыйжасында талиптер кеминде Ирандын үч өткөрмө бекетин басып алышканын айтышты. Тегеран бул маалыматты четке кагып, ирандык аскерлер куралдуу окуяда башынан аягына чейин мамлекеттик чек араны толугу менен көзөмөлдөп турганын баса белгиледи.
Тараптар эмне дешти?
“Талибандын” өкүлү Билал Карими кагылышуулар Ооганстандын Нимроз провинциясынын чек ара аймактарында болгон. Анын айтымында, учурда кагылышуулар токтогон, окуяда жабыркагандар болгон жок.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Саид Хатибзаде чек ара аймактарынын тургундарынын ортосундагы жаңжал ок атышууга айланганын билдирди. Ал кагылышуу эки өлкөнүн чек арачыларынын ортомчулугу менен токтотулганын кошумчалады.
Буга чейин ЖМКларда талиптер Иран менен чек арадагы бир нече өткөрмө бекеттерди басып алганы тууралуу маалымат тараган. Бирок иран тарап бул маалыматтарды четке какты.
Чек арада эмне болгон?
Ооган-иран чек арасынан бир нече жүз метр алыстыкта, Ооганстандын батышындагы Нимроз провинциясынын Канг уездинде иран тарап аткезчилердин алдын алуу үчүн өз аймагына 10 көзөмөл посту (мунара) бар дубалдарды тургузган. “Талибан” ирандык дыйкандарды чек араны бузду деп ойлоп, аларга ок чыгарган, ирандыктар тиешелүү жооп кайтарышкан.
Бул окуя Борбор Азия өлкөлөрү үчүн эмнени билдирет?
Иран-Ооганстан чек арасында болгон окуянын чоо-жайы Борбор Азия мамлекеттери үчүн чоң кызыгууну жаратышы керек. Анткени, бул биринчи кезекте алардын коопсуздугуна жана жалпы регионго байланыштуу. Ооганстан менен чектеш аймактардагы чыңалуунун деңгээли талиптердин бийликке келгенинен бир нече ай өткөндөн кийин деле олуттуу түрдө төмөндөй электигин түшүнүү маанилүү. Бул чыңалууну аткезчилер да, “ИМ” террордук тобунун тарапкерлери да жаратууда. Ооган-иран чек арасындагы кагылышуулар талиптер келечекте да жаңылыштык кетириши мүмкүн экенин көрсөттү, мындай окуя бир күнү Борбор Азия өлкөлөрүнүн чек арасында да болушу мүмкүн, мисалы, Бадахшандын бир жеринде тажик чек арачыларынын өткөрмө пункттарын «кокусунан» басып алышы мүмкүн.
Эксперттин пикири
Куралдуу кагылышуунун чыныгы себеби манзаттардын чек ара аркылуу өтүшүн көзөмөлдөө үчүн атаандаштык болушу мүмкүн. “Нимроздо күрөшө турган башка эч нерсе жок.”
Бул тууралуу Ооганстан боюнча орусиялык эксперт Андрей Серенко өзүнүн Ооганстандагы булактарына шилтеме жасап билдирди.
“Кыязы, ушундан улам талиптердин өкүлдөрү кагылышуулар “жергиликтүү тургундардын жаңжалынан” келип чыккан деп ырасташкан”, – деп жазган ал.
Бирок, анын айтымында, Канг уездинин тургундарынын көпчүлүгү, жалпы Нимроз провинциясы сыяктуу эле, белужи-нимроздор, ал эми кагылышууда талиптер тараптан Гилменд провинциясынан жана Кандагардан чыккан — пуштундар гана катышкан.
“Бул жагдай окуяга гельманд жана кандахари талиптерине кам көргөн пакистандык атайын кызматтардын катыштыгы бар деп болжолдоого негиз берет”, – деди Серенко.
Анын пикиринде, Батыш Ооганстандагы жаңжал ТАПИ газ кууру долбоорун ишке ашырууну белгисиз мөөнөткө дагы кыйындатат.
Андрей Серенко бул окуялардын башталышына үчүнчү күчтөрдүн тиешеси болушу мүмкүн экенин жокко чыгарбайт.
“Бул окуяга чейин Сауд Аравиянын чалгынчылары (Сауд Аравиянын элчилигинин ишин калыбына келтирүү долбоорунун алкагында) Кабулга учуп келишкен, андан кийин ооган-иран чек арасында ок атышуу башталган. Бул символикалык дал келүүбү?”, – деди эксперт.