Ирандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү кандай өнүгүп жатат? – ЕЭКтин жообу

“ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы убактылуу макулдашуунун ишке ашырылышы эки тараптын тең соода-сатыгынын көлөмүнө жакшы таасирин тийгизет”, – деди Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) соода боюнча министри Андрей Слепнев.

ЕЭКтин басма сөз кызматы билдиргендей, министр Ирандын Орусиядагы элчиси Казем Жалали менен жолуккан.

Тараптар Евразия экономикалык биримдиги менен Ирандын ортосундагы эркин соода жүгүртүүгө шарт түзгөн убактылуу келишим соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө болорун белгилешкен.

“2021-жылдын январь-август айларында ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы соода жүгүртүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 60%га өскөн. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экспорту 80%га жогорулап, 1,12 миллиард доллардан 2 миллиардга чейин жеткен. Импорт 30%га көбөйүп, 803 миллион доллардан 1 миллиард долларга жетти”, – деди Слепнов.

Маалымдалгандай, өз ара соода жүгүртүү пандемияга чейинки 2019-жылга  салыштырмалуу да өсүп,  экспорт 47%га, ал эми импорт 67%га жогорулаган.

Соңунда тараптар өз ара иштешүүнүн жетишилген денгээлине канааттануусун билдиришип, эркин соода жүгүртүү тууралуу толук форматтуу макулдашуу түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө жогору баа беришти.

Комментарий жиберүү