Дүйнөдө бомбаланган жалгыз футбол матчынын окуясы!

Дүйнөдөгү жалгыз футбол матчында абадан кол салуу болуп, он беш оюнчу, көрүүчүлөр жана калыстар шейит болгон окуя.

“Тасним” агенттигинин маалыматына ылайык, мындан 35 жыл мурда Саддам Хусейндин согушкерлери Ирандын “Чавар” Иламдагы футбол талаасына кол салган. Бирок бул окуя тууралуу көбү билбей калган.
Бул тууралуу Иран ислам Руспубликасынын Руханий лидери мындай деди: Бул кичинекей окуя эмес, бул чоң окуя; Мындай окуялардын дүйнөлүк масштабда таанылышы, айтылышы, кайталанышы ылайыктуу. Бул биздин спорттук шейиттерибиздин зулумунун билдирүүсү.

Белгилей кетсек, 1986-жылы күндөрдүн бир күнүндө чак түштө өз алдынча ойноп жатышкан Иламдын ирандык футболчуларына абадан кол салуу болгон.

Бул кол салуудан он беш оюнчу, көрүүчүлөр жана калыстар мерт кетишкен. Бирок Саддамдын буйругу менен болгон бул жынаятка эч бир эл аралык коомчулуктан айыптоо болгон эмес.

Комментарий жиберүү