Deprecated: Function get_magic_quotes_gpc() is deprecated in /home/casylso1/public_html/wp-content/plugins/wpml-string-translation-3.0.5/inc/functions.php on line 24
Орусия мигранттарга патент саясатын өзгөртөт – Asylsoz.com
Deprecated: Function WP_Dependencies->add_data() was called with an argument that is deprecated since version 6.9.0! IE conditional comments are ignored by all supported browsers. in /home/casylso1/public_html/wp-includes/functions.php on line 6131

Deprecated: Function _get_path_to_translation is deprecated since version 6.1.0! Use WP_Textdomain_Registry instead. in /home/casylso1/public_html/wp-includes/functions.php on line 6131

Deprecated: Function _get_path_to_translation_from_lang_dir is deprecated since version 6.1.0! Use WP_Textdomain_Registry instead. in /home/casylso1/public_html/wp-includes/functions.php on line 6131

Deprecated: Функция _get_path_to_translation с версии 6.1.0 считается устаревшей! Используйте WP_Textdomain_Registry. in /home/casylso1/public_html/wp-includes/functions.php on line 6131

Deprecated: Функция _get_path_to_translation_from_lang_dir с версии 6.1.0 считается устаревшей! Используйте WP_Textdomain_Registry. in /home/casylso1/public_html/wp-includes/functions.php on line 6131

Орусия мигранттарга патент саясатын өзгөртөт

Орусия эмгек мигранттары үчүн патент саясатын өзгөртүү тууралуу чечим чыгарды.

Ага ылайык, жаңы патенттер чиптүү карта түрүндө берилет. Орусиянын Ички иштер министри Владимир Колокольцевдин бул тууралуу кол койгон буйругу 2021-жылдын 29-декабрында күчүнө кирет.

Маалымат каражаттары Орусиянын ИИМине шилтеме берип жазышкандай, жаңы патентте адамын электрондук сүрөтү, анын толук аты-жөнү, эки манжа изи, сериясы жана патент номуру болот. Анын сырткы, патенттик картанын өлчөмү 8,5х5,3 см болот.

Ошондой эле, картада адамдын туулган жылы, күнү, жарандыгы, инсандыгын тастыктаган документтин сериясы жана номери, кесиби жана ИНН тууралуу маалыматтар камтылат.

Ал эми арткы бетинде эмгек мигранты кайсы жерде иштеген Орусиянын субъектиси көрсөтүлөт.

Эскерте кетсек, буга чейин 2022-жылдан баштап Орусия мигранттарга мөөнөтсүз IT-карта берээри айтылган.

Орусиянын Мигранттар федерациясынын жетекчиси Вадим Коженовдун айтымында, жаңы IT-карта Орусия Федерациясынын аймагында 10 жыл бою күчүндө болот, бирок анын ээсинде эч кандай мыйзам бузуулар болбосо, ал мөөнөтсүз иштөөгө өтөт.

Кошумчалай кетели, Орусиядагы кыргызстандык мигранттар патент алышпайт. Бирок азыркы киргизилип жаткан патент саясаты кыргыз мигранттарга тиешеси бар жогу маалыматта айтылган эмес.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *