ДССУ балдарды коронавируска каршы жалпы эмдөөнү сунуштабайт

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жаш балдарды жана өспүрүмдөрдү COVID-19га каршы жалпы эмдөөгө каршылыгын билдирди.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Уюмдун билдирүүсүндө ДССУ балдар жана өспүрүмдөр үчүн жалпы эмдөөнү сунуш кылбай тургандыгын билдирген. Анткени, бул куракта коронавирус менен олуттуу ооруган учурлар аз. Ошол эле учурда бир катар өлкөлөрдө калктын жогорку тобокелдик тобуна кирген катмарлары толук эмдөөдөн өтө электиги айтылат.

Уюмдун башкы директору Тедрос Аданом Гебрейесус коркунуч жогору болгон топтордун арасында эмдөө бардык эле өлкөлөрдө толук ишке ашырыла электигин жана уюмга мүчө мамлекеттердин жарымы гана жылдын аягына чейин калктын 40%ын эмдөөдөн өткөрүүгө жетише алышканын билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда ноябрь айында Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 16 жаштан жогору курактагы өспүрүмдөрдү эмдөө чечими кабыл алынган.

Комментарий жиберүү