“Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы маалымдагандай, 2-февралга карата Токтогул суу сактагычында 8 млрд. 995 млн. метр куб суу бар.
Былтыр ушул маалда 10,6 млрд. метр куб суу болгон.
Былтыр март айынын аягында “Токтогулда” суунун көлөмү 8 миллиард метр кубга чейин азайган. Энергетиктер керектөөлөр өскөнүн эске алганда, кыштан кийин – 2022-жылдын 1-апрелине барып, суунун көлөмү 6 млрд. метр кубга чейин азайышы мүмкүн деп болжойт. Бирок, өкмөт Токтогул гидроэлектр станциясында (ГЭС) коллапска жол бербей турганын убада кылууда.
Оор кырдаалдын алдын алуу үчүн Кыргызстан Казакстандан, Өзбекстандан алмашуу жолу менен электр энергиясын алып, Түркмөнстандан импорттоп жаткан. Бирок 25-январдагы Борбор Азиянын энергетикалык шакекчесинде болгон авариядан кийин Кыргызстан шакекчеден чыгып, өз алдынча электр энергиясын берип жатканын билдирген.
“Түндүк электр” ишканасы бир фазалуу абоненттер үчүн беш киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чектөө киргизген.
Токтогул суу сактагычы Нарын дарыясына курулган. Ага башка дагы бир катар дарыялар – Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат, Торкент жана башкалар куят. Өткөн жылы өлкө бийлиги аба ырайына байланыштуу суу аз болорун эскерткен.