Иран Ислам Республикасы Кыргызстандагы күйүүчү жана майлоочу майлардын тартыштыгы менен баанын кымбатташын жөнгө салууга кызыкдар.
Бул тууралуу Ирандын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харрази 8-февралда өткөргөн маалымат жыйынында «Eurasia Today» агенттигинин журналистинин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
“Иран Ислам Республикасы мунай жана газ кору боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирет. Ооба, акыркы жылдары Борбор Азия өлкөлөрү жана анын ичинде Кыргызстан күйүүчү жана майлоочу майлардын таңкыстыгы менен баанын кымбатташын баштан өткөрүп жатат. Бул багытта биз Кыргызстанды чийки мунайзат менен камсыз кыла алабыз. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эки мунайды кайра иштетүүчү завод бар экен жана алар сырьёнун жоктугунан токтоп турат. Иран бул эки заводду сырьё менен камсыз кылууга даяр. Бүгүнкү күндө бул багытта эки өлкөнүн тиешелүү министрликтери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө -, деди дипломат.
Иран Элчисинин айтуусунда, Ирандан Кыргызстанга мунай продукцияларын эки жол менен: деңиз жана кургак жол аркылуу ташып келсе болот.
Кыргызстан бензин жана башка күйүүчү, майлоочу майларды негизинен Россиядан ташып келгендиктен, дүйнөлүк энергетикалык кризис шылтоосу менен баа улам көтөрүлүүдө. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында бензиндин өтө көп керектелген AI-92 маркасынын бир литри 69 сом 90 тыйындан сатылууда. Ал эми аймактарда баа мындан да жогору.
Иран дүйнөдө газдын кору боюнча экинчи жана мунайдын кору боюнча үчүнчү орунду ээлейт.